www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт премьер-министр Улукбек Мариповдун жана вице-премьерлердин жарандарды кабыл алуу графигин бекитти.

Аталган буйрукта апрель айынын ортосуна чейинки график аныкталган. Аткаруу бийлигинин башчыларына кирүү үчүн өкмөттүн коомдук кабылдамасына кайрылыш керек. Ал Өкмөт үйүнүн (Абдумомунов көчөсү, 207) батыш тарабында жайгашкан. Маалымат алуу үчүн телефондор: (0312) 62-53-85, 62-50-20.

График:

Премьер-министр Улукбек Марипов жарандарды 9, 23-мартта жана 6-апрелде кабыл алат;

Биринчи вице-премьер Артем Новиков 3, 17, 31-мартта жана 14-апрелде кабыл алат;

Вице-премьер рангындагы экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков 4, 18-мартта жана 1, 15-апрелде маселе менен келгендерди кабыл алат;

Кайрылууну каалагандар өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Жеңиш Асанкуловдун 2, 16-марттагы жана 6-апрелдеги кабылдамасына да жазылса болот.

Өкмөттүн жетекчилери жарандарды аталган күндөрү саат 17:00дөн 19:00гө чейин министрлер кабинетинин имаратынын биринчи кабатындагы №24 кабинетте кабыл алат. Документте муктаждык жаралса министрлер да чакырылары айтылган.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости