www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Согушкерлер жекшембиде Нигериянын түштүк-батышындагы католик чиркөөсүнө кол салып, кеминде 50 киши, анын ичинде аялдар менен балдар каза тапты. Бул тууралуу 6-июнда дарыгерлерге шилтеме берүү менен Рейтер агенттиги билдирди.
Окуя Ондо штатында болгон. Согушкерлер Ово шаарындагы Ыйык Франциск чиркөөсүнүн алдында жана имараттын ичинде ок чыгарганын полициянын өкүлү Фунмилайо Ибукун Одунлами билдирди.
Ал канча киши каза болгонун же жарадар болгонун так айткан жок, бирок полиция кол салуунун себебин иликтеп жатканын кошумчалады.
Аталган штаттын губернатору Аракунрин Олуваротими Акередолу жекшембидеги окуяны "чоң кыргын" деп атады.
Оводогу оорукананын дарыгери кол салуудан кийин эки шаардык ооруканага кеминде 50 адамдын сөөгү жеткирилгенин билдирип, жарадарларды дарылоо үчүн көп сандагы донорлор керектигин кошумчалады.
Нигериянын президенти Мухаммад Бухари аталган кол салууну "жийиркеничтүү" деп атаса, Ватикан Рим папасы Франциск "майрамдык көз ирмемде азап чегип" курман болгондор үчүн дуба кылып жатканын билдирди.
Белгилей кетсек май айынын аягында Нигерияда чиркөөгө азык-түлүк жана керектүү товарларды бөлүштүрүү учурунда тополоң жаралып, 31 адам каза болгон.
Булак: NazarNews.kg