www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Алымкадыр Бейшеналиевдин жеп, ичкендери далилденбей калса, прокуратура жооп берип калат», - деди бүгүн, 6-июнда NazarNews маалымат агенттигине укук коргоочу Качкын Булатов.
- Качкын агай, Саламаттык сактоо министри камакка алынганы комиссия түзүлүп, экөөнүн пикир келишпеген жагдайы эске алынып, Башкы прокурор да убактылуу кызматынан четтетилди. Муну адилеттүү тергөө үчүн жасалган аракет катары бааласак болобу?
- Негизи Алымкадыр Бейшеналиевди күчкө салып кармабай эле чакыруу берип, суракка алышса болмок. Спецназдар менен барып, бандитти кармагансып кармагандары шоу кылганга окшоп калды. Автомат менен барып, кишен салганы туура эмес болду. Ага чакыруу берсе деле бармак. Тагыраагы, качып деле кетмек эмес.
Мына ушул жагдайдын өзү Баш прокурор менен Бейшеналиевдин ортосунда тиреш, өчөшүү бардай таасир калтырууда. Ошол жагдайлардын баарын эске алып, өч алуу болбосун деген таризде президенттин комиссия түзгөнү туура эле болду. Мындай учурда кызматтык териштирүү адилет, калыс болушу керек.
- Кызматтык териштирүүдө Бейшеналиевдин жеп-ичкени аныкталбаса эмне болот?
- Алымкадыр Бейшеналиевдин жеп, ичкендери далилденбей калса, прокуратура жооп берип калат.
- Эгер саламаттыкты сактоо тармагында каражаттар максатсыз пайдаланылып кетсе да министр жооп береби?
- Албетте, жооп берет. Алымкадыр Бейшеналиев эмес, Камчыбек Ташиев да Өзгөчө кырдаалдар министри болуп турганда ӨКМдин каражатына оштогу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине үй сала коюп, каражатты максатсыз пайдаланды деген доомат менен кызматынан кеткен.
Эгер Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо тармагына бөлүнгөн каражатты «алтын балалык» реаблитациялык борборуна жумшап жиберген болсо да, каражатты максатсыз пайдаланганы үчүн жоопкерчиликке тартылып калышы ыктымал.
Эске салсак, 4-июнда Алымкадыр Бейшеналиев менен Башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматынан да убактылуу четтетилген. Буга Бейшеналиев боюнча териштирүү жүрүп жатканы жана экөөнүн ортосунда түзүлгөн жеке мамиле да себеп экени айтылган.
Ошол эле күнү Бишкектин Октябрь райондук соту Бейшеналиевдин бөгөт чарасын бир айлык камак деп аныктап, ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынган. Жактоочу сотто Бейшеналиевдин жүрөк оорусу бар экенин, ошондуктан, аны камоого болбой турганын жүйө келтирген.
2-июнда Бейшеналиев жемкорлукка шектелип кармалган. Башкы прокуратура ага карата жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Андан тышкары министрликтеги жетекчилик кызматты ээлеген үч кишиге да иш козголуп, алардын экөө камакка алынды.
Булак: NazarNews.kg