www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зулпукаар Сапанов: «Кыргыздын наркы – Кыдыр менен Умайда!»

Өзөккө чыйыр салалы!

Кыргыздын наркы – Кыдыр менен Умайда!

Жакында Президентибиз нарк боюнча мыйзамга кол койду. Бирок, аны иштеп чыгуу баягы эле «баатырлардын» колуна тийип, чампаланып жатканы айтылууда. Негизи, бул жерде кылым карыткан кыргыздын баалуулугун сактап калуу маселеси жатат. Азыркы ааламдашуу доорунда, айрыкча кыргыздын тамырын кырккан диний идеологиянын арааны жүрүп турган маалда, бул ишке өтө астейдил мамиле кылуу зарыл.

Эң башкысы, кыргыздын наркын терең казып, анын тамырын таап, байыркы өзөккө бекем байлоо керек. Анткени, биздин салт-санаабыз талаадан табылган эмес, башаты Кыдыр менен Умайда турат. Ал - биздин түптүү идеология.

Барыбыз көрүп билгендей идеология багытында дүйнө жүзү учурда туңгуюкка кептелип калды. Биз да өз жолубуздан адашып, тигини бир, муну бир ээрчип, чыйырды таппай, кайсалап отурабыз. Кайда бара жатканыбыз белгисиз. Алакандай калкыбыз түрдүү түшүнүктөргө жиктелип, сырттан келген агымдарга азгырылып, саат сайын бөлүнүп-жарылууда. Кыскасы, өтө эле кыйын күндө турганыбызды эч кимден жашыруун эмес. Келечекти ойлогон ар бир мекенчил инсандын жүрөгүн «бул кырдаалдан кантип чыгабыз» деген түпөйүл суроо өйүтүп, башын катырып жаткан кези.

Албетте, ар бир иштин жолу бар, аны издөө оор. Бирок, башты жерге салбастан аракет кылсак, биримдик менен ынтымакты камсыз кылган идеология эртеби-кечпи сөзсүз табылат. Ооба, жашырган менен пайда жок, эли-жерибизди ынтымакка ширеп, биримдикке орой турган баалуулукту 30 жылдан бери издедик, тилекке каршы учугун кармай албадык. Мамлекеттин башына келген жетекчилер оозу менен орок оргону менен иш жүзүндө эптеп эле бийликке жетип, анан байлык топтой турган идеологияны калыптандырышты. Барыбыз билгендей, муну менен жакшылыкка барбайбыз, түбөлүгүбүз түз болбойт. Демек, буларды карап, алакан жайып отурбастан, өз жолубузду издеп, аракеттенишибиз зарыл.

Сөз чындыгы бузулбашы үчүн аалам жаралышы менен дүйнө түзүлүшүндөгү эң зарыл болгон маселенин бирин алдын ала айтып, санжыра сабындагы унутта калган өзгөчөлүктү белгилей кетелик. Тээ байыркы ата-бабаларыбыз кызыл топурактан жасалган Адам менен Ободон тараган пенделерди адамзаты, ал эми Жараткандын жалгыз өзүнөн бүчүр алып, КЫДЫР менен УМАЙдан өнүп-өскөндөрдү кишизаты деп келген, экөөсүнүн асман менен жердей айырмасы бар.

Кесе айтканда, дүйнө жүзүндөгү канаты калдайган калк менен уңгусу узарып келген улуу журттун өзөгү жалгыз дарактын уругунан эмес, эки данектин тамырынан башат алган. Бул факты аалам менен дүйнөнүн, тарых менен санжыранын, акыл менен турмуштун жүздөгөн жылдар бою камырдай ийленип, зубаладай жуурулушуп, токочтой бышкан нукура чындыгына төп келет. Биздин айтканыбыз илимде дагы далилденген:

«Э.Шюре:) «Течение семитическое и течение арийское – вот два потока, которые принесли нам все наши идеи, все предания и религии, все искусства, науки и философии». [1. 53.]

«Адам – на древнееврейском – «из красной глины». В Библии написано из праха земного Господь Бог создал Адама, прародителя евреев”. [2.]

«Арии – земляне или потомки Богов, живущие на земле, последователи Ведической культуры». [2.]

Баарына белгилүү болгондой Адам менен Ободон тарагандардын санжырасы еврейлердин ыйык китебинде ийне-жибине чейин иликтенип, такталып жазылган, аны өзгөрткөнгө эч кимдин акысы жок. Дегенибиз, ал санжырада биздин ата-жотобуздун аты турмак, жыты да жок. Кишизаты менен адамзатынын таралыш тамыры эки жээкте, эки башка өзөктө жаткандыгын араб жана еврейдин санжырасы да тастыктап бералат.

Тактап айтканда, Адам менен Обонун балдарынан башка, алардан таптакыр бөлөк, чыныгы Кудайдын урпактары бар экени так белгиленген:

«Жер бетинде адамдар көбөйүп, алардан кыздар төрөлгөндө, чыныгы Кудайдын уулдары ал кыздарга, алардын сулуу экенине көңүл бура башташты. Анан тандагандарынаялдыкка алышты...

Чыныгы Кудайдын уулдары адамдардын кыздарына жакындап, алардан балдар төрөлгөндүктөн, ошол кезде, андан кийин да жерде нефилимдер (алп адамдар) жашаган. Алар байыркы убактагы күчтүү, атагы чыккан кишилер болушкан». (Башталыш 6:1-4), [3. 16.]

Көзүбүзгө даана көрүнүп тургандай, Адам менен Ободон тараган калктын кыздарынын сулуулугуна азгырылып, чыныгы Кудайдын уулдары (Кыдыр менен Умайдын уулдары) аялдыкка алыптыр да, алардан атагы чыккан алп кишилер туулуптур. Бул фактыдан биз Кыдыр менен Умайдын урпактарын көрүп турабыз. Бул жерде биздин алп Манас баштаган баатыр бабаларыбыз жөнүндө жазылганын ачык эле байкасак болот.

Мындан сырткары, Кыдыр ондогон кишини топон суудан сактап калган кезде Жараткан өз жакшылыгын ыроолоп, түбөлүк өмүр менен бирге Кудайдын касиетин тартуулаган. Мунун далили Шумер клинопистеринде сакталуу:

«Один из самых известных шумерских мифов, впоследствии переработанных евреями, - миф о всемирном потопе. В месопотамской версии боги решают наслать потоп, чтобы уничтожить человечество… Так Зиусудра спасся сам и спас свою семью, нескольких ремесленников, нескольких животных и драгоценные металлы. Всё остальное было уничтожено. Через некоторое время Зиусудра выпустил голубя из ковчега, чтобы проверить, есть ли поблизости земля. В конце концов, воды спали. В награду за спасение людей и животных Зиусудра обрёл вечную жизнь». [4.26.]

«СИСИТР (или Ксизутру), указывая ему подготовить корабль и спасаться вместе с несколькими избранными». [5.476.]

Эске сала кетсек, айрым тилдерде «К» тыбышынан кийин келген «Ы» тыбышы айтылбайт. Араб менен перс элдеринде «Ы» тыбышы таптакыр жок. Мисалы, орустар Кыдыр дей албай, «Хизр» дейт. Аңгличандар Кыргыз дей албай, «Күргүз» дейт. Арабдар Кыдыр дей албай, «Кадыр» дейт. Мына ушунун айынан Кыдыр атабыздын ысымы чоң өзгөрүүгө учураган. Грек тарыхчылары Кыдыр дегенди Сидир, Сиситр, Ксиситр, Ксисудр, Зиусудр ж.б. кылып жазышкан.

Берки эле тарыхты карасак, Кыдыр ысымын Хыдыр, Хызыр, Хысыр, Хизир, Хазир, Хозар, Хузор, Хазар, Хизр, Хозр, Гайир, Кызыр, Кадыр, Кадир, Кодир, Кидыр, Кидар, Кодар, Кейдар ж.б. кылып өзгөртүшкөн. Арийне, Кыдырдын башка да ысымдарын акыл мурастарыбыздан кездештирип жүрөбүз. Мисалы, Манас бабабыздын баянында Кожою Кыдыр, Кожо, Шаймерден, Кызыр, Кызыр чал, Ак Эшен, Жылаңач Кызыр чал, Жаш Айдар, Кызыр алейки салам, Олуя чал, Ак сакалчан дубана, Календер, Жыңайлак Кызыр Олуя, Дубана, Дербиш, Куюн көтөн Кайып чал, Бабай ага, Көрөшөн Ата, Жапар, Кудурет, Нияз, Кыдыр Алда Кудай, Пирим, Эгем, Барбардигер, Рахман, Жапар, Кудурет ж.б.у. өңдүү ондогон ысымдары айтылат.

Айтор, узак тарыхта кишинин энчилүү аттары менен жер топонимдери кырдаал-шартка жараша өзгөрөт. Ал баарына маалым. Анынсыңары тарых барактарында Кыдырдын ысымы бузулган тилдерге ылайык жазылып калган. Ооба, кээ бирөө мындан шектенип, Шумердеги топон суудан сактаган кишинин ысымы Кыдыр ысымына кокустуктан улам уйкашып калганын айтышы ыктымал. Ошону менен бирге энчилүү атты уйкаштыруу менен тарыхый нерсени далилдөө чындыкка жатпастыгын билдириши мүмкүн. Асыресе, андай пенделерди эсине келтире турган эң чоң факты бар.

Айтсак, Шумер жазмасындагы кишинин атын танып кеткен күндө да, затын эч кайда ката албайбыз. Себеби, элди топон суудан куткарган кишиге Жараткан тарабынан түбөлүк өмүр берилгени Шумер клинописинде так белгиленип турат. Демек, биз билген чындыкты тайсалдабай карасак, дүйнө жүзүндө Кыдырга гана түбөлүк өмүр энчиленген. Бул жалпы пендезатына маалым. Сөзүбүз куру болбошу үчүн, тарыхта жазылган фактылардан тарталы.

«Хызр (Хизр, Хидр) – согласно суфийским представлениям, бессмертный святой, являющийся некоторым адептам суфизма и наставляющий их как Тайный Учитель». [6. 379.]

«Хизр появляется странникам и подвижникам чаще всего в образе старика, подвергал их испытанию и выводил на прямой путь». [7. 59.]

Айтор, булактын көзүндөгү нарктын туу чокусун тааный турган учур келди. Башыбызга шири кийгизип, кул кылган элдердин далилсиз жомогуна азгырылып, өзөгүбүздү башкага байлай бербей, акыл-эстин туу чокусундагы Кыдырды тарых аркылуу тастыктап, улуу наркты ордуна койгонго мезгил жетти.

Ата-жотобуз да Кыдырдын касиетин оозунан түшүрбөй, «Жетинин бири Кыдыр», «Бак карап, Кыдыр даарысын», «Жолуң шыдыр, жолдошуң Кыдыр болсун» деп айтып келди. Мындан эч кимибиз танып кете албайбыз.

Кыскасы, биздин уюткубуз – Кыдыр. Биз сүйлөгөн тил, кийим, нарк-насил, ырым-жырым, каада-салт, оюн-зоок, ж.б.у. сындуу ондогон баалуу мурастар – Кыдыр менен Умайдан калган.

Колдонулган адабияттар

1. Н.Г.Аюпов, Тенгрианство как открытое мировоззрение, Алматы, 2012 г.

2. http://energodar.net/slovar.php

3. “Ыйык Китеп”, Brooklyn, New York, U.S.A., 2013-ж.

4. Апокриф, Магические пантеоны: Божества западных эзотерических традиций, Пер. с англ. О.Перфильева, М., 2002 г.

5. Е.П.Блаватская, Теософский словарь, Эксмо, М., 2003 г.

6. Джалаладдин Руми, Дорога превращений, М., 2007 г.

7. В.Бартольд, Ислам, Петербург, 1918 г.

Зулпукаар Сапанов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости