www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Гурбангулы Бердымухамедов кезексиз элдик кеңешти чакырды. Ал мында кезексиз президенттик шайлоо өткөзүп уулу Сердарга бийликти өткөзүп бермек.Бирок Казакстанда болгон башаламандык аны бул оюнан кайтууга аргасыз кылды.Түркмөнстанда Бердымухамедовдун пульсу согуп турат, ошондуктан ал өзүнө бийликке кийлигише турган жаңы пост даярдай баштаган. Казакстан сыяктуу Түркмөнстанда да баалар дүркүрөп өсүп жатат.Казакстан сыяктуу окуялар кайталанып кетпеши үчүн Гурбангулы Бердымухамедов Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөзүп тиешелүү органдарга интернетти ооздуктоо, элди тартипке салуу үчүн катуу талаптарды койду.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов уулу Сердарды өзүнүн орун басары жана Түркмөнстандын Жогорку көзөмөл палатасынын төрагасы кылып дайындаган. 39 жаштагы Сердар үчүн кошумча вице-премьердин кызматы түзүлүп, ал Түркмөнстан коопсуздук кызматынын курамына кирет. Сердар Бердымухамедов жаңы кызматка дайындалар алдында Түркмөнстан Жогорку көзөмөл палатасынын имаратында укмуштай ремонт жасалган. Сердар Бердымухамедов үчүн атайын элди таң калтырган эс алуу террасасы курулганы, ал эмес жакын жайгашкан үйлөр сырдалып, капиталдык ремонттон өткөн. 2020-жылы 7-февралда президенттин уулу өлкөнүн өнөр жай жана курулуш министри болуп дайындалган. Ага чейин Ахал облусунун губернатору болгон.

“Кудай” наамын мыйзамдаштырып, мындан ары шариатта айтылгандай аллахга эмес, Түркмөнстанда Түркмөнбашыга сыйына турган болушкан. Аркадаг (колдоочу) наамына ээ Гурбангулы Бердымухамедовдун саясий аңчылыгы 1997-жылы Саламаттыкты сактоо министри болгон соң башталган. 2001-жылы Сапамурад Ниязов аны вице-премьерликке алып келет. Ниязовдун көзү өткөн соң Түркмөнстандын 2007-жылдан тарта президенти , Түркмөнстан министрлер Кабинетинин төрагасы, Түркмөнстан Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы, медицина илимдеринин доктору, экономика илимдеринин доктору, Түркмөнстан илимдер Академиясынын академиги, Түркмөнстан демократиялык партиясынын төрагасы.

Эмне себептен Бердымухамедовдун саясий карьерасы тез өсүп, Сапармурад Ниязовдун көзү өткөн соң президент болгон? Анткени, ал Сапармурад Ниязовдун никесиз баласы дешет. Буга себеби факт катары Гурбангулы Бердымухамедовдун Сапармурад Ниязов менен коёндой окшоштугу жана кызмат жагынан тез секирип, президенттикке жеткендиги мисал келтиришет.

Аргымакты алчаңдата минип, бир-эки дивизия аскери бар үчүн Армиянын генералы чинин алган президент бар. Буюрса жакында маршалды алат. Бир күнү муруту жок сүрөткө түшүп, дагы бир убак өткөн соң муруту менен сүрөткө түшүп, иш бөлмөлөрдөгү сүрөттөрдүн барын жаңыртат.

Авторитардык режим орногонТүркмөнстанда Бердымухамедовго жүгүнүп алып тоңколоңдоп барышат. Антип барышпаса мансаптарынан айрылышы мүмкүн. Эми “кудайга” айланган Гурбангулы Бердымухамедовго китептер жазылып, ага сыйына турган болушту.

2020-жылыдын декабрында Жалал-Абад облусунда иш сапары менен жүргөн президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров эл менен жолугушууда суроолорго жооп берген. Суроо-жооп учурунда ал: «Кыргызстан эч качан Түркмөнстандагыдай болбойт. Айрым саясий күчтөр оозуна алы жетпей ушинтип айтып жатат. Оппозициялык күчтөрдү бийликке тартып жатам», - деген.

Эске салсак, 2020-жылдын 21-октябрында Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев: «Конституцияны уруп ойнобойлу, «элдин талабы» деген талапка жамынып өткөрбөй коёлу да, накта президенттик бийлик формасын жасайлы деген тарап. Эгер ошол система кирсе, бизде Өзбекстан же Казакстан эмес, Түркмөнстан болот. Түркмөнстандын парламенттиндей болуп жүгүнүп кол чаап турасыңар! Бар, арабызда жүгүнүп кол чаба тургандар. Ийилип кол чабасыңар. Келет ал!» - деген.

Түркмөнстан быйыл электр жаатында Кыргызстанга  502 млн кВт.саат «свет» берип жатат. 120 мамлекет демократия боюнча эл аралык кеңешме өткөзүп, автократия эсептешкен Орусияны баш кылып, өзүн демократия эсептеген Кыргызстанды төш кылып, мурунку советтик республикадан түзүлгөн бир топ мамлекетти жолотушкан жок. Анын бири Түрмөнстан. Белгилүү орус  блогери Илья Варламов Түркмөнстандагы Бердымухамедовдун бийлиги тууралуу эки сааттык фильм тартты. Бул фильмде эмнелер тууралуу айтылган?

Миллиарддаган куб газ берип, орус алфавитинен латынга өткөн Түркмөнстан азыркы замандын Борбор Азиядагы Швейцариясына айланды. Эч бир аскердик блокторго кошулбай өз алдынча келатат. Афгандык талибандар алардын бай газына жана мунайзатына таң калып суктанып турушат. Жеке эле талибандар суктанышпайт, Орусия кантип СССР убагындай имерип алсам деп турат. Кытай газ куурун салып Түркмөнстандын арзан газын чапчыгысы келет. Бирок, ал Алай аркылуу өтөөрү бышык,  биздин кыргыздар шок экенин дүйнө билет, ошондуктан газ куурларын кайтарат. Ушул кытай жоокерлерин Алайга алып кирет экен деген кошумча уу-дууга себеп болгон. Түркмөн газы Өзбекстан анан биз аркылуу өтсө транзит акчаларын төлөп, жыртык бюджетибизге жардам болмок. Биз өзүбүз «Кыргызгазды» «Газпромго» сатып жиберип колду ушалап жатып калганбыз. «Газпром» Сапар Исаковду Москвага жула качкандан башка кыйратып деле ийген жок. Болбосо Бишкектин айланасына газ түтүктөрүн орнотом деген убадасы бар эле.  “Газпромго” эл нааразы газы кымбат, заправкалары бензинди кем куят.“Газпром” үзгүлтүксүз камсыз кылууга милдеттүү. Түркмөнстандын стратегиялык планы биз аркылуу газ куурун алып өтүп Кытайга сатат.

 Түркмөнстанда текстиль ишканалары өнүккөн, алардын пахтадан жазалган материалдарын кеңири колдонууга да да болот. Биз СССР тараган соң Акаевдин акылдуулугунан улам жеңил өнөр жайын талкалап алганбыз. Ошондон улам 200-300 миң тонна пахта өндүрө турган Ош аймагы пахтага кол шилтеп коюшкан. Президенттин Ашхабадга болгон сапары эмне берди? Президент Садыр Жапаров менен Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухаммедов биргелешкен бизнес-долбоорлорду колдоо үчүн уставдык капиталы 100 миллион долларды түзгөн кыргыз-түркмөн өнүктүрүү фондун түзүү, күз-кыш мезгилинде Кыргызстанга түркмөн газы менен электр энергиясын жеткирүү, Бишкек шаарында кыргыз-түркмөн соода үйүн жана Ысык-Көл облусуна ден соолук чыңдоочу комплекси менен беш жылдыздуу мейманкана куруу боюнча келишимге кол койду. Учурда түркмөн калкы үчүн оор жагдай түзүлгөн, нан, унга кезек күтүшүп зарыгып отурушат, анткени ал жакта бизге окшоп айыл чарба реформасы болгон эмес. Мунайзат, газга бай Түркмөнстанда Ниязовдун заманында туз сыяктуу көптөгөн азык-түлүктөр бекер болгон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

 

Последние новости