www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооруп жаткан учурда вакцина алса болобу?

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова коронавируска каршы вакцинаны кайсы учурда алуу керектигин түшүндүрдү.

"Курч респиратордук жугуштуу ооруларга кабылган, анын ичинде коронавирус менен ооруп жаткан адам же аны менен байланышта болгондор карантиндик мөөнөт аяктагандан кийин гана вакцина алышы керек. Эгер коронавирус же сасык тумоо менен оорусаңыз, айыккандан кийин 2-4 жумадан соң эмделген оң", — деди Акматова.

Ал өлкөдө илдет илештиргендердин саны күндөн-күнгө өсүп жатканын айтып, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырган. Ошол эле учурда санитардык норманы сактап, эмдөөдөн өтүүнү сунуштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости