www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Токаевди Гаага Эл аралык сотунда адамзатка кыянаттык беренеси менен соттош керек!», - деди бүгүн, 15-январда NazarNews маалымат агенттигине жарандык активист Шаирбек Маматокторов.
- Шаирбек Казакстандагы абалды көзөмөлдөн чыгарган Токаев дүйнө коомчулугуна Казакстанга «20 миң террор кирди» деп коңгуроо каккан орундуу эле болдубу?
- Токаевдин Казакстанга 20 миң террорист кирди дегени - дөөпөрөстүн сөзү! Бул, акылга сыйбаган жалган! Өз бийлигин сактап калуу үчүн, өз элинин канын төккөн президент такыр оңбойт. Токаев - казактын жаңы тархындагы кара так!
20 миң эмес, 5 эле миң куралчан террорист кирсе, Казакстанды аңтар-теңтер кылып салышмак. Мисалы, Тажикстанда бир нече жыл жарандык согуш болгон жылдары да террористтердин жалпы саны 3 миңден ашкан эмес.
Бирок, Токаевдин андай риториканы карманышынын сыры - өзүнүн патрону болгон Назарбаевден кутулуп, жеке бийликке жетишүү максатын көздөгөн. Азыркы абалда, ал бүт тараптан Назарбаевдин ишенимдүү жана таасирдүү адамдары менен курчалган эле.
Ошондуктан, кайдагы болбогон мифти ойлоп чыгарып, көзгө көрүнбөгөн террористтер киргенин айтып, ошол замат ЖККУга (ОДКБ)жардам сурап кайрылды. Диктаторлук режимдерди коргоо үчүн түзүлгөн бул уюм чагылгандай реакция кылды.
Ошол замат, бир суткага жетпей Орусиялык жана Белорустук аскерлер жетип барышты. Эртеси Тажикстан менен Армения, жана коомчулуктун каршы пикирине карабастан, парламенттин макулдугу менен Кыргызстан өз аскерлерин жиберди.
Ушул жерде айтып кое турган маанилүү нерсе бар. Эмне үчүн, Кыргызстанга карата реалдуу түрдө аскердик агрессия болгон кырдаалда үн чыгарбаган ЖККУ эмне үчүн Казакстандын ички ишине ошол замат аралашты?
Болгондо да, Орусиядан келген аскерлер Приштинада, Сирияда, Украинада кандуу согуштарды өткөн 45-дивизия жана аны жетектеген Сердюк болуп жатпайбы. Кеп ушунда.
Иши кылса, чет жактык аскерлер кирген күндөн баштап, күч органдаоы аесуз түрдө күч колдонуп, Алма-Ата шаарын террористтерден тазалай башташты. Бирок, ошол мыкаачылык менен жұргөн тазалоо иш-чаралардан кийин, карапайым жарандап, а түгүл жаш балдар да окко учуп курман болушканы жарыяланды.
Ал эми, жалган айткандан такыр тартынбаган Токаев дагы бир акылга сыйбаган тантырак сөздү айтты. Анын айтымында, террористтердин өлүктөрүн моргдордон тирүү калган террористтер уурдап кетип жатышат имиш.
Ой тообо! Ушунчалык да жалган айтабы? Жок эле террористтер менен элин коркутуп, дүйнөлүк коомчулукка жалган айтып эмне кылат? Пайгамбар жашка барып калган аксакал катары, элдин нааразылык акцияларынан кийин эле өз эрки менен кетип калса болбойт беле, кан төкпөй?
Токаевди Гаага Эл аралык сотунда адамзатка кыянаттык беренеси менен соттош керек!
Булак: NazarNews.kg