www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларус президенти Александр Лукашенко ЖККУнун Казакстандагы операциясы белорус-орус чек арасынын периметри боюнча «кылычын курчутуп» жаткандардын баарына белги болорун билдирди.

«Бул белорус-орус чек арасынын периметри боюнча кылычын курчуткандардын баарына белги», - деди Лукашенко. Анын сөздөрү Sputnik Беларустун Telegram каналында берилген.

Белгилей кетсек, ЖККУ Коопсуздук кеңеши Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин улуттук коопсуздукка жана өлкө суверенитетине келген коркунучтарга байланыштуу кайрылуусунун негизинде тынчтык орнотуучу жамааттык күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган. Кыргызстандын Жогорку Кеңеши аскерлерди жөнөтүүгө макулдугун берип, жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Ага ылайык, Казакстанга 150 аскер, 8 сооттолгон техника, 11 аскердик автоунаа жөнөтүлгөн. Жоокерлер негизинен стратегиялык маанидеги объектилерди кайтарууга жардам берери айтылып, кийинчерээк кыргызстандык аскерлер Алматыдагы маанилүү стратегиялык объект катары эсептелген ТЭЦ-2ни кайтарып келди.

Эске салсак, Казакстанда 2022-жылы автотранспорт үчүн газдын литри 120 теңгеге чыккандан улам митинг башталган. Айрым аймактарда баа 50 теңгеге чейин түшкөнүнө карабай 5-январга караган түнү бир нече шаарларда элди кууп таратуучу заттар колдонулган. Митингдер тынчыбай, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жалпы өлкө боюнча өзгөчө абал жарыялаган. Андан соң улуттук коопсуздукка жана өлкө суверенитетине келген коркунучтарга байланыштуу ЖККУ Коопсуздук кеңешине кайрылып, уюм Казакстанга тынчтык орнотуучу жамааттык күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган.

Ага ылайык, Кыргызстандан 150 аскер, 8 сооттолгон техника, 11 аскердик автоунаа жөнөтүлгөн.

Ачык булактардагы маалыматтар боюнча, башаламандык учурунда Казакстанда 164 киши каза болду, алардын экөө кыргызстандыктар экени белгилүү.

Башаламандык учурунда ишканалар ишин токтотушунан улам Казакстандын экономикасы 0,8-2,5 миллиард долларга чейин жоготууларга учурашы мүмкүн экени божомолдонууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости