www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Волкодавга

Волкодавга "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси берилди

Журналист: ЭЛИЗА ХАМРАЕВА
15.01.2022, 21:16
17806
|

Бүгүн, 15-январда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов «Голос» долбоорунун жеңүүчүсү Александр Волкодав менен жолукту, деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Азамат Жаманкулов Аслександрды жеңиши менен куттуктап, «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин жана Министрлер кабинетинин атынан 100 миң сом акча каражатынын сертификатын тапшырды.

Маектешүү учурунда Александр алдыда чыгармачылык менен тынымсыз иштээрин, мындан ары «Пелегеянын» тобунда чоң чыгармачылык гастролдордо болоорун, келишимге ылайык, иш графиги тыгыздыгын маалымдады. Бирок кандай болгон күндө да Кыргызстан анын көңүлүнүн борборунда болоорун белгилеп, дайыма байланышта боло турганын айтты.

Министр Алекстандарды Кыргызстан менен Россиянын эриш аркак жылынын жабылыш салтанатына катышууну сунуштады.

Александр Волкодав «Голос» долбоорунун онунчу сезонунун жеңүүчүсү болгон. Көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Волкодав 53,3% добуш алып, жеңүүчү аталды.

Булак: NazarNews.kg



Поделитесь с друзьями