www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Токаевдин ар бир аракети Назарбаевди сактап калуу үчүн жасалып жатат», - деди бүгүн, 15-январда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Рамазан Дырылдаев.

- Рамазан агай, Казакстанда кош бийлик куладыбы же күрөш уланып жатабы?

- Чындыгында Казакстанда кош бийлик деле жок. Токаев Назарбаев үчүн эле иштеп жатат. Болгону жанагындай жагдайдан кийин Назарбаев бүт бийликти Токаевге өткөрүп берди.

Азыр Токаев Назарбаевди сактап калыш үчүн болгон аракетин жасап жатат. 20миң террористи да ошон үчүн ойлоп табышты. Анткени, 5-янарда Жанболот Мамай баш болгон 30 миңден ашкан эл Алматыда митингге «Шал кет» деген ураан менен чыгышкан.

Токаевдин ар бир аракети Назарбаевди сактап калуу үчүн жасалып жатат. Аны байкабагандар кош бийлик орун алып жатат деп айтышууда. Азырынча Токаев Назарбаевге каршы иш кыла элек. Аны сата элек.

- Андай болсо, эмнеге мурунку премьер-министри камалды?

- Масимов жана анын орун басарларынын бул ишке бирөөнү жооптуу кылыш үчүн камашты. Чынында алар селдей агылган элди токтото алышкан жок.

Ошон үчүн кимдир бирөөлөр менен макулдашып, бийликти алууну көздөгөн деген ой менен «тыңчылык» кылган, булардын максаты башка болгон деген негизде камакка алышты. Эми жыйынтыгын убакыт көрсөтөр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости