www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 14-январда, УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары тарабынан чек арадан мыйзамсыз ташуу жана товарларды өткөрүү фактылары токтотулган.
Чек ара кызматынан билдиришкендей, Лейлек районунун Вышка участкасында чек арачылар 29 жаштагы М.И. аттуу кыргызстандыктын башкаруусундагы Volkswagen Crafter унаасы токтотулган. Аталган жаран Кыргызстандан Тажикстанга тиричилик техникасын мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.

Ушул эле күнү Баткен районунун Кара-Бак айылында чек арачылар Кыргызстандын жаранын Тажикстан жаранынан контрабандалык жүк – 30 кутудан ашык мандарин алып жаткан жеринен кармашкан.

Кармоо учурунда Тажикстандын жараны чектеш аймакка из жашырууга үлгүргөн. Чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын 26 жаштагы Т.З. аттуу жаранын кармашкан.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам жана жүк териштирүү үчүн чек ара заставасына жеткирилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости