www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бейшембиде Армениянын борбору Ереванда премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасын талап кылган 17 оппозициялык күчтүн өкүлдөрү Улуттук коопсуздук кызматынын имаратын көздөй жүрүш жасашып, бир катар лидерлеринин кармалышына нааразылык билдиришти.

“Азаттыктын” армян кызматы кабарлагандай, парламенттеги “Өнүккөн Армения” фракциясынын депутаты Наира Зограбян кармоону “саясий куугунтук” деп атады.

12-октябрь күнү кечинде Республикалык партиянын өкүлү Эдуард Шармазанов, "Дашнакцутюн" партиясынын өкүлү Гегам Манукян жана “Мекен” партиясынын лидери, Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы директору Артур Ванецян бошотулганы белгилүү болду.

Ага чейин Армениянын Тергөө кызматы оппозициянын бир катар лидерлерин “массалык башаламандык уюштуруу” беренеси боюнча айыптап кармап кеткен. Оппозиция өлкөдөгү аскердик абал учурунда акцияларды уюштурууга айыпталган. Кармалгандардын арасында оппозициячыл “Гүлдөгөн Армения” партиясынын лидери Гагик Царукян, “Мекен” партиясынын лидери Артур Ванецян, Армян революциялык федерациясынан Ишхан Сагательян жана Гегам Манукян, мурдагы бийликтеги Республикалык партиянын мүчөсү Эдурад Шарамазанов болгон.

Белгилей кетсек, 10-ноябрда Армения менен Азербайжандын жетекчилери Орусиянын арачылыгы менен үч тараптуу келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тоолуу Карабакта ок атуу токтотулуп, Азербайжан соңку уруш маалында өз көзөмөлүнө алган бул аймактагы бир нече калктуу конуш, чөлкөмдөрдү сактап калат. Ошондой эле аймакка орус аскерлери бейпилдик күчтөрү катары жайгаштырылууда.

Бул келишимге кол коюлары менен аны Армениядагы коомчулуктун бир бөлүгү, анын ичинде оппозиция сынга алып, премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып жатышат.

Никол Пашинян 12-ноябрдагы элге кайрылуусунда кол койгон келишим “биз үчүн жаман” болсо да, “болгонун эң жаман” катары көрсөтүлбөшү керек экенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости