www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооганстанда террорчулар атасынын тилин албай койгон кыздын көзүн чукуп салышкане. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка караганда, 33 жаштагы Хатерага ал өзү иштеген Газни провинциясындагы полиция бөлүмүнүн жанында белгисиз бирөөлөр кол салышкан. Акыркы эсинде калганы – мотоцикл айдаган үч киши. Алар аны атып, көздөрүнө бычак сайышкан. Ооруканада эсине келген Хатера эч нерсе көрбөй калган. «Мен дарыгерлерден эмнеге эч нерсе көрө албай жатам деп сурадым? Мага жаракаттан улам дагы деле көзүм таңылып жатат деп айтышты. Бирок, ошол учурда көзүмдү менден алып салышканын түшүндүм», – дейт ал.
Жергиликтүү бийлик жана жабырлануучу окуяга Талибан террордук кыймылын күнөөлөөдө. Алардын версиясы боюнча, террорчулар күйөөсүнүн уруксатына карабастан, анын үйдүн сыртында иштегенине катуу каршы болгон атасынын айтканы боюнча Хатерага кол салышкан. Талибан окуяга тиешеси бар экендигин четке кагууда.
Булак: NazarNews.kg