www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Премьер-министр Садыр Жапаров Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы маалымдады.
Билдирүүгө карагнда, эки өлкөнүн өкмөт башчылары мындан аркы кызматташуу боюнча пикир алышып, коронавирус менен күрөшүүдө көрүлчү чараларды талкуулашкан.
"Кыргыз тарап мындан аркы стратегиялык өнөктөштүктү жана Россия менен мамилени өнүктүрүп, бекемдөөгө өзгөчө маани берет жана болгон күчүн жумшайт. Эки өлкөнүн кызматташтыгы боюнча актуалдуу маселелерди чечүү үчүн колуман келген аракетимди кылам", — деген Жапаров.
Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар эки мамлекеттин өкмөттөрү тыгыз байланышта иштөөсүн уланта берерин айтышты.
Булак: NazarNews.kg