www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шымкентте 15 жаштагы мектеп окуучусу өз атасынан кош бойлуу калып, көз жарды. Мындай жыңылык көпчүлүккө белгилүү болгондон көп өтпөй кыз өз жанын кыйган. Бул тууралуу казакстандык ММКлар жазып чыкты.

Жаңы төрөлгөн ымыркайды кыздын апасы багып алганына байланыштуу иш сотко жеткен эмес.

“Тогузунчу класстын окуучусу ушул жылдын май айында өз атасынан балалуу болгон. Зордук-зомбулук болгонбу же жокпу, биз аны айта албайбыз. Милиция кызматкерлери тактап жатышат. Учурда баланы мектеп окуучусунун апасы багып жатат”, – деп билдирди Шымкент билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Улжалгас Саурбаева. 

Тергөө иштери жүрүп жатканына байланыштуу көп нерсе ачыкка чыгарылчудай эмес, бирок, ушул эле жылдын ичинде жашы жете элек секелек 3 кыз мектепти бүтпөй кош бойлуу болушкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости