www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 12-ноябрда, президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

"Жапаров Кыргызстан ЖККУнун алкагындагы ар тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө артыкчылыктуу маани бере тургандыгын айтты. Уюмдун аймактагы коопсуздуктун иштиктүү механизми катары дараметин бекемдөөгө кызыкдар экенин баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Башкы катчы Станислав Зась өз кезегинде 2020-жылдын декабрь айына өткөрүү пландаштырылган ЖККУнун кезектеги сессиясына карата даярдыктардын жүрүшү тууралуу кеңири маалымат берген. Ошондой эле уюмдун жакынкы мезгилге артыкчылыктуу багыттары тууралуу кабарлаган.

"Жапаров кыргыз тарап ЖККУнун ордун жана маанисин жогорулатууга кызыкдар экенин баса белгилеп, ошондой эле пандемияга байланыштуу социалдык-экономикалык оор абалга карабастан, Кыргызстан ЖККУнун бюджетине төгө турган мүчөлүк төлөм боюнча бардык милдеттерин толук аткара тургандыгын белгиледи", -  деп билдиришти маалымат кызматынан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости