www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 12-ноябрда манасчы Дөөлөт Сыдыков эпосун үзгүлтүксүз 14 саат 27 мүнөт “Манас” айтты.

Алгач Сыдыков Гиннесстин рекорддор китебине кирүү үчүн 10 сааттык айтууну пландаштырган. Айрыкча бул үчүн Бишкектеги Ала-Тоо аянтына эпостун баатырынын эстелигинин жанына беш метрлик сахна тургузулду.

Манасчы "Манас"  айтуу учурунда бир да ууртам суу ичпестен, жада калса дааратканага барбастан, ал тургай жандуу үн менен "Манас" айтуусу эч үзгүлтүккө учураган жок.

Дөөлөт Сыдыков “Манас” айтууну токтоткондо, көрүүчүлөр “Манас!” – деп ураан кыйкырышып Манасчыны катуу колдошту. Андан кийин дарыгерлер манасчынын абалын текшеришип эч кандай олуттуу зыян табышкан эмес. Доктурлардын көзөмөлүнөн өткөн манасчыныны колдоочулары унаага отургузуп, аянттан алып кетишкен.

Мындай окуя эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы биринчи көрүнүш жана Дөөлөт Сыдыков муну менен рекорд орнотуп гана тим болбостон, Кыргыз элин биримдикке чакыргысы келген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости