www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 12-ноябрда Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тараптар кыргыз-россия мамилесинин абалы жана келечеги тууралуу сүйлөшкөн.

"Жапаров Владимир Путинге коронавирус менен күрөшүүдө Кыргызстанга көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн кызматташтыгын жана мамилесин мындан ары өнүктүрүү үчүн бардык аракетин жумшай турганын айтты", — деп жазылат билдирүүдө.

Телефон менен сүйлөшүү учурунда Путин Кыргызстандагы кырдаалдын турукташып, өлкө ичиндеги саясий маселелер эртерээк чечилип кетишин каалаган.

Эске салсак, буга чейин Садыр Жапаров ШКУнун видеоконференция форматындагы жыйынында Путинден телефон менен сүйлөшүүнү өтүнгөн.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости