www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда коронавируска чалдыккандардын саны көбөйүп, медициналык каражаттар жетишсиздигинен улам Нью-Йорктогу бир катар медайымдар  беткап, колкап сыктуу коргоочу каражаттардын жетишсиздигине нааразычылыктарын билдиришти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, Нью-Йорктун Бронкс районундагы ооруканалардын биринин алдында өткөн нааразычылыкта аларга бир күндө бир гана беткап берилерин айтып: "Ишибизге көңүл буралбай жатабыз, бир медайым 10 бейтапка кам көрүп жатат. Ошондуктан бир күндө бир нече беткап алмаштырышыбыз керек", - деп айтышкан.

Учурда Америка медициналык жеке коргоочу каражаттардын жетишсиздигине туш болуп, өлкөдөгү ар кайсы ооруканалардын медкызматкерлеринен бул каражаттарды бир нече жолу колдонууну суранышкан. АКШ дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны боюнча биринчи орунда турат. 

Акыркы маалыматтарга таянсак, Америкада коронавируска чалдыккандардын саны 277 161ге жетип, 7392 адам көз жумду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости