www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

№17 Үй-бүлөлүк медициналык борбордун дагы бир кызматкеринин үй-бүлөсүнөн илдет аныкталды. Бул тууралуу журналисттерге борбордун башкы дарыгери Гүлнара Ташибекова билдирген.

Анын айтымында, буга чейин дарыгердин өзүнөн коронавирус аныкталып, азыр ал Жугуштуу оорулар ооруканасында жатат. «Бүгүнкү күндө анын үч баласы жана бир небересинен ПЦР анализдери илдет жуккандыгын тастыктап көрсөттү. Алар дагы ооруканага жаткырылат”, - деди Гүлнара Ташибекова.

Белгилей кетсек, бир нече күн мурун башка ҮМБ дарыгеринин бүт үй-бүлөсү - төрт адам, анын ичинде бир балага да илдет жуккандыгы белгилүү болгон.

Эске салсак, буга чейин аталган борбордун 8 кызматкери илдетке кабылган. Оорукананын бардык кызмактерлери азыркы учурда изоляцияда жатат. Гүлнара Ташибекова илдет жукканга чейин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери менен байланышта болгондугун маалымдаган. 

Ташибекова учурда №1 Үй-бүлөлүк медициналык борбордон №27 медициналык борборго келген бир дарыгер жана медайым нөөмөттө турганын кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости