www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-октябрь – Улгайган адамдардын эл аралык күнү.  Ал БУУ тарабынан 1990-жылы негизделип, ошондон бери белгиленип келет. Тактап айтканда быйыл бүткүл дүйнө жүзү бул күндү отузунчу жолу белгилөөдө. Акыркы жылдары Кыргызстанда да бул күн улуу муундагы адамдарга өзгөчө көңүл буруу салтка айланып калды.

--«Мекеним Кыргызстан» партиясы жыл сайын күнү улгайган адамдарга – чоң ата, чоң энелерибизге, ата-энелерибизге, туугандарыбыздын, кошуна-колоңдорубуздун арасындагы кары кишилерге өзгөчө сый-урмат менен мамиле кылат. Биз аларды ушул күнү гана эстебей, дайыма көңүл буруп турушубуз керек. Бирок биз эртең эле пенсияны эки эсе көтөрө коёбуз дегендей куру убадаларды бербейбиз. Биз Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө болгон күч-аракетибизди жумшоону убада кылабыз. Экономика өссө ошондо пенсия да көбөйөт. Бул кыял эмес, эгер туура иш жүргүзсөк мындай абалга аз эле убакытта жетсек болот», - дейт «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Улан Садалиев.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы бардык кыргызстандыктарга, өзгөчө акылман курактагы жарандарыбызга сак-саламаттык, бак-дөөлөттүү карылык жана узун өмүр каалайт.

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Последние новости