www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нобелдин байге фондуна  дагы 110 миң доллар кошулду

Нобель фонду ар бир сыйлыгы үчүн берилчү байгесине дагы 110 миң доллар кошууну чечти. Бул тууралуу фонддун төрагасы Ларс Хейкенстен швециялык "Dagens Industri" гезитине 24-сентябрда билдирди.

Ошондо ар бир сыйлыктын акчалай байгеси 10 млн. швед кронуна, же 1,1 млн. долларга жетет.

Белгилей кетсек, 125 жыл мурда швед окумуштуусу Альфред Нобель 31 миллион кронун, учурдагы курска айлантканда 1,8 млрд. крон мураска калтырып, илим чөйрөсүндө ийгиликке жеткендерге байге катары үлөштүрүү керектигин көрсөткөн.

Эске сала кетсек, Нобель сыйлыгы 1901-жылы негизделип, ушул учурга чейин тапшырылып келет.

Ал эми Медицина, физика, химия, адабият, тынчтык жана экономика номинацияларынын ээлери 5-октябрдан тартып аныктала баштайт.

Белгилей кетчү жагдай, коронавирус пандемиясына байланыштуу Стокгольмдо өтүүчү салттуу сыйлоо аземи жана сый тамак болбой турганы, Нобель лауреаттардын өз өлкөлөрүнө жеткирилери кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости