www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бейшемби күнү АКШнын Иран жана Венесуэла боюнча атайын өкүлү Эллиотт Абрамс Сенаттын тышкы иштер боюнча комитетиндеги угууда сүйлөп, Тегеранга каршы санкцияларды кеңейтүү тууралуу айткан.
Маалыматка ылайык, Навид Афкари эки жыл мурда өкмөткө каршы өткөн нааразылык акциялар маалында күч түзүм кызматкерлеринин бири бычак сайып өлтүргөн деген айып менен быйыл сентябрда өлүм жазасына тартылган. Бул иш эл аралык резонанс жаратып, Трамп Тегеранды спортчунун өмүрүн сактап калууга чакырган.
белгилей кетчү жагдай, Сенаттагы угуулардын жүрүшүндө айрым демократтар Трамптын Иранга карата жасап жаткан мамилесин сындашты. Алар Тегеран менен 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк келишимден чыгуу тууралуу Ак үйдүн чечими туура эмес болгонун билдиришти. Демократ- сенатор Тим Кейн бул макулдашуудан баш тартуу — Түндүк Корея менен ушуга окшогон келишим түзүү аракеттерин оорлото турганын белгиледи.
Эске сала кетсек, Вашингтон Тегеран менен кубаттуу алты державанын (АКШ, Франция, Улуу Британия, Кытай, Орусия жана Германия) ортосунда түзүлгөн келишимден 2018-жылы чыгып кеткен. Трамп макулдашуу Иранда өзөктүк куралдын пайда болушун алдын ала албай турганын билдирип, Тегеранга каршы жаңы санкцияларды киргизген.
Булак: NazarNews.kg