www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун Молдовановка айылындагы №27 абакка которулганы боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жаза-аткаруу кодексинин 72-беренесинин 5-бөлүмүндө "соттолгондор жазасын ар кандай жерлерде өтөөгө жөнөтүлөт" деп жазылган. Мындан улам соттолгон Сапар Исаков 23-сентябрь күнү №27 түзөтүү абагына которулду", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, ушул жылдын 23-апрелинде мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Бишкектеги СИЗО-1ден Петровка айылындагы №8 түзөтүү абагына которулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости