www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын комиссиялары компаниянын филиалдарынын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерип жатышат. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматы маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, комиссиянын курамына “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын борбордук аппаратынын жетекчилери жана техникалык адистери, ошондой эле Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлдөрү кирди.

Ошондой эле, комиссиялар электр энергия объектилерин, имараттарды, курулмаларды, автоунаалардын капиталдык жана учурдагы оңдоо иштерин камтыган күз-кыш мезгилине даярдануу боюнча пландаштырылган иш-чаралардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын текшеришет.

Бүгүнкү күндө капиталдык оңдоо иштери аяктоо алдында турат. Текшерүүнүн жыйынтыгында, алар акт түзүшөт жана күз-кыш мезгилине өтүүгө даяр болгондугу жөнүндө паспорттор берилет” – деп билдирди “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын пайдалануу жана оңдоо департаментинин директору Мурат Дурусалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости