www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда баңгизатка байланышкан абал кооптуу бойдон калууда. Бул тууралуу «Борбор Азиядагы наркосаясат борбору» коомдук фондунун жетекчиси Александр Зеличенко билдирди.

Анын айтымында, мындай абалдын болушу бир нече факторго байланыштуу: өлкөдө жапайы өскөн маңзат түрлөрүнүн бар экендиги, Ооганстандын жакындыгы жана Кыргызстанда химиялык баңгизат даярдай турган лабораториялардын пайда болушу.

Белгилей кетсек, Зеличенко «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда 1,5 килограмм баңгизат менен милициянын полковнигинин кармалышы тууралуу да оюн билдирди.

«Тилекке каршы, мындай фактылар көбөйүп жатат. ИИМде бул сыяктуу адамдардын болушу тынчсыздандырат. Мунун бир нече себеби бар. Алардын бири идеологиянын жоктугу, адамдар кимге жана эмнеге кызмат кылып жатышканын билишпейт. Ар бир мындай учур — уят. Маңзат коррупциясы – бул кооптуу көрүнүш, анткени ал адамдарды бузат, анда чоң акча бар, бирок көзөмөл жок. Ошол эле маалда Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бардык өкүлдөрү ушундай деп айтууга болбойт. Ооба, фактылар көп, бирок мекемеде баңгизат сатууга каршы күрөшкөн мыкты кызматкерлер иштешет», — деди Зеличенко.

Эске сала кетсек, 23-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын Чүй облустук башкармалыгынын кызматкери (полковник) ири өлчөмдө баңгизат сатууга аракет кылган деген шек менен кармалганын билдирген. Мекеменин маалыматына ылайык, милициянын полковниги бир жарым килограмм баңгизатты 581 миң сомго сатууга аракет кылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости