www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки колледждин имаратын реконструкциялоо иши башталды

“Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинин жана Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинин имараттарын жана курулмаларын реконструкциялоо иши башталды.

Аталган колледждер пилоттук болуп саналат, алардын базасында Алдыңкы тажрыйба борборлору түзүлүүдө, максаты – областтык эмгек рынокторунун керектөөлөрүнө ылайык орто кесиптик деңгээлдеги адистерди даярдоо саналат, эксперименталдык кесиптик стандарттардын, компетенттүүлүк негизде окутуунун негизинде мыкты методологиялар жана тажрыйбалар пилоттолот.

Аталган Алдыңкы тажрыйба борборлорун түзүүнүн алкагында “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору тарабынан инклюзивдүү билим берүү чөйрөсү түзүлөт – региондор үчүн артыкчылыктуу адистиктер боюнча жумуш ордунда окутууну баштоого мүмкүндүк берүүчү имараттар реконструкцияланат, окуу-өндүрүштүк комплекстер жабдылат. Колледждер заманбап жабдуулар, эмеректер менен камсыздалат.

Реконструкциялоо иши 8 айдын ичинде аягына чыгарылышы керек.

2020-жылдын аягына чейин алты колледжде – Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжинде, ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинде, Т.Кулатов атындагы Тоо-техникалык колледжде, К.Скрябин атындагы КУАУнун Агро-өнөр жай колледжинде, С.Нааматов атындагы НМУнун Агро-экономикалык колледжинде, ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинде курулуш иштерин жүргүзүү үчүн тендерлер жарыяланат жана подрядчы компаниялар аныкталат деп күтүлүүдө. Долбоорлоо боюнча компания аталган 6 объекттин долбоордук-сметалык документтерин түзүү боюнча ишти улантууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости