www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
23-сентябрда Алматыда 42 жаштагы блогер Ермек Тайчибеков кармалды. Блогердин кармалганын Алматы шаардык полиция депараменти ырастады.
Ал коомчулукта Казакстан Орусиянын курамына кириши керектигин айтып, өлкөдө орус тилдүүлөр басмырланып жаткандыгы тууралуу билдирүүлөрү менен белгилүү.
«Тайчибеков 23-сентябрда «Кастыкты козутуу» беренеси боюнча шек саналып кармалды. Азыр убактылуу кармоочу жайда камакта», — деп билдирди департамент өкүлү.
Блогердин бир тууганы Марлен Тайчибеков иниси казак бийлигинин улуттук саясатын сындаган YouTube хостингиндеги интервьюсуна байланыштуу кармалганын билдирди.
Эске салсак, Орусиячыл көз караштары менен белгилүү блогер Ермек Тайчибеков «Фейсбук» баракчасына улут аралык кастык козуткан билдирүү жазган деген айып менен 2015-жылы декабрда төрт жылга соттолгон. Ага каршы кылмыш иши жарандык активисттердин арызынын негизинде козголгон.
Тайчибеков 2017-жылы октябрда мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан.
Булак: NazarNews.kg