www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноябрда Бишкекке жаңы автобустар келет

Бишкек шаарынын мэриясында Түркияда чыгарылган көп орундуу автобустарды жеткирүү боюнча меморандумга кол коюу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Меморандумга мэриянын шаардык транспорт башкармалыгы менен «Грин Бас» ЖЧКсы кол коюшту. Жалпысынан 2021-2022-жылдары Бишкекке 300-350 автобус жеткирүү пландалууда.

Узундугу 10-12 метр болгон экологиялык жактан ыңгайлуу автобустардын биринчи партиясы ноябрдын аягына чейин борборго жеткирилет.

Транспорт эл аралык стандарттарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жүргүнчүлөрдүн жүрүүсүнө, бардык талаптарга толук жооп берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости