www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айрым мыйзам долбоорлорунун эки пакетин бекитүү пландалып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта тегерек столдо Юстиция министринин орун басары Зарема Аскарова билдирди.

--“Мыйзамдарды анализдөө жана баалоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоонун критерийлерине ылайыктыгы боюнча ишке ашырылат жана анын жыйынтыгында мыйзамдардын үч тизмесин даярдоо керек.

Ал тизмелерде төмөнкүдөй шарттар караштырылат:

- критерийлерге ылайык келген жана кайра кароо талап кылынбаган мыйзамдар;

- критерийлерге ылайык келтирүү үчүн өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынган мыйзамдар;

- критерийлерге ылайык келбеген жана күчүн жоготту деп таануу жолу менен колдонууну токтотууга сунушталуучулар. 

“Бүгүнкү күндө мамлекеттик органдар мыйзамдардын критерийлерге ылайык келээрин же келбестигин баалап бүтүшкөн жана Юстиция министрлигинин кароосуна киргизилген.

Баа берилген Мыйзамдар үч этаптуу кароодон өтөт, атап айтканда, топчолордун жетекчилери карап чыгышат, андан кийин эксперттик жумушчу топто каралат жана эң аягында Ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топ карайт”, - деди Аскарова. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости