www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россияда өндүрүлгөн коронавируска каршы “Арепливир” дарысынын 1 таңгагынын баасы 12 320 рублдан башталат. Бул тууралуу 18-сентябрда ТАСС агенттигине “Промомед” өндүрүш компаниясынын башкы директору Андрей Младенцев билдиргенин Тass.ru басылмасы жазды.
Анын айтымында, дарыны амбулатордук шартта колдонууга уруксат берилди.
“Сунушталган чекене баасы – 12 320 рубль. Бир таңгакта 200 мгдан 40 таблетка болот” – деди Младенцев.
Буга чейин компания Арепливир дарысы дарыканаларда 21-сентябрда пайда болушу мүмкүн экендигин билдирген.
“Албетте, дары бардык жерде бир заматта пайда болбойт. Дары-дармектерди бир ай ичинде өлкөнүн бардык дарыканаларына жеткире алган жокпуз, анткени биз кечээ эле туруктуу каттоодон өткөндүгүбүздү тастыктаган документти алганбыз жана өндүрүмдүн параметрлерин таңгактарга басып чыгарышыбыз керек. Албетте, эртең дары Хабаровскиге келбейт, бирок биз анын жакынкы аралыкта ошол жерде пайда болушуна кызыкдарбыз” – деди Младенцев.
“Арепливирдин жүгүртүлүшүндө дарыгердин сунуштарынан башка эч кандай чектөө болбойт, анткени ал рецепт боюнча берилет. Коронавирустук инфекцинын белгилери пайда болгондон кийин алгачкы 24 саатта дарыны колдонуу сунушталат, клиникалык изилдөөлөрдүн натыйжасында эч кандай татаалдашуу аныктала элек” – деп кошумчалады “Промомед” өндүрүш компаниясынын башкы директору.
Буулак: NazarNews.kg