www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Brittany Conditi аттуу инстаграм колдонуучусу Фейсбукка тиешелүү социалдык медиа платформасы инстаграмдын камерасы аркылуу колдонучууларга тыңчылык кылаарын айтты. Бул тууралуу BBC Türkçe жазган.

Brittany Conditi мындай аракеттин максаты “колдонуучулар тууралуу түрдүү маалыматтарга ээ болуу” экенин баса белгиледи.

Июль айында АКШ ММКларында орун алган айрым кабарларда фейсбукту колдонбогон учурда деле инста колдонуучулардын iPhone телефон камералары менен байланыш түзөөрү тууралуу маалыматтар тараган.

Ал эми Фейсбук, аталган айыптоолорду четке кагып, системада бир ката кетип, ошондон улам байланыш жок учурда деле инстаграммдын телефон камерасын ачууга аракет кылганы тууралуу эскертүү келип жатканын айткан.

Bloomberg маалымат порталынын бидирүүлөрүнө ылайык сотко берилген арызда: Инстаграм жана Фейсбуктун жашыруун маалыматтарды топтоп, рыноктук изилдөөө жасаары” тууралуу айтылды. Бул маселе боюнча Фейсбук социалдык түйүнү жооп кайтара элек.

Эске сала кетсек, өткөн айларда каралган дагы бир арызда Фейсбуктун жүз таануу технологиясы аркылуу миллиондогон Инстаграм колдонуучуларынын биометрикалык маалыматтарына ээ болгону тууралуу айтылган. Анда дагы айыптоолорду четке каккан Фейсбук, инстаграммдын жүз таануу технологиясын колдонбогонун белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости