www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: Атам мени зордуктайм десе да жакшы көрөм

Окурмандын каты (Аты-жөнү өзгөртүлдү)

Саламатсыздарбы, менин атым Жамал 19 жаштамын. Мектепти бүтүп өзүм каалаган окууга тапшырдым, жогорку окуу жайда аракети күч, умтулуумда күндөн-күнгө жогорулап, тил үйрөнүү курстарына жазылдым. Азыр деле ошол бийик максаттарым бар. Окуп атам, кошумча жумушта иштейм. Өзүмдү-өзүм каржылап, эч кимге көз каранды эмесмин.Университетте чогуу окуган групалаштарым менин тарбияма карап, аябай адептүү үй-бүлөдө чоңойгон деп билишет. Ооба анысы чын, апам ушунчалык сабырдуу, акылдуу, атам канча зомбулук көрсөтсө да балдарым жок дегенде эненин мээримин көрүп чоңойсун деп бизди таштаган жок. Атам күндө ичип келет, бир жакка кетсе, ичкенибиз ирим, жегенибиз желим. Качан келип чыр салат деп түндө эшикке качканга даярданабыз. Жылуу кийимдерди, нан суу алып чыгып эшиктеги кампага коёбуз. Түн бир окумунда келип баягы адаты баарыбызды үйдөн кууп чыгат. Эгер үйдүн ичинде калып калсак, бурчка тургузуп алып эзет. Мындай окуялар кайталана берди. Бир күнү апам тай энем ооруп кичинекей иним сиңдимди алып кетти. Иним экөөбүз үйдө калдык. Атам баягысынча мас келди. Ал күнү негедир бизди урушпай жатып калды. Сүйүнгөн жаныбыз уктап кетиптирбиз. Бир маалда үстүмдөн оор бир нерсе басып, уйкусурап көпкө кыңылдап жаттым. Ойгонуп кетсем атам менин үстүмдө, зордуктаганы атыптыр. Коркуп кетип бакырсам, иним ойгонуп кетти. Атам билмексен болуп,  нары жылып жатып калды. Жүрөгүм түшүп, эмне болгонун сезбей калдым. Иним экөөбүз качып атамдын агасынын үйүнө бардык. Саат түнкү үчтөр чамасы болчу. Алар биздин үйдө эмне болорун беш колдой эле билишчү, дагы ичип алдыбы, ай кургур ушунусун токтотсо болот эле деп Насыр чоң атам кейип, сүйлөнүп атып жатты. 

Мен анда 13 жашта болчумун. Ошол күндөн тарта коркок болуп, денемди калтырак басып, кээде ыйлай берчү болдум. Апам аны билбейт. Ансыз да анын мээси атамдын чирик сөздөрүнө толгон. Аны айтып дагы капа кылайынбы. Өзүм анан инимден башка эч ким билбейт. Азыр 19га чыксам да ошол атамдын бизге  кылган орой мамилеси, зомбулугу көңүлүмдү оорутат. Бул ойлорду бүт дүйнөмдөн алып салуу аракетин көрүүдөмүн. Китепти көп окуганды адатка айландырдым. Ансыз жан дүйнөм өткөн күндөргө кайрылып алсырай берет. Билесиздерби мындай жашоого кабылган менин апам эле эмес, мен жана менин бир туугандарым эле эмес. Бизге окшогондор канча? Аталар эмнеге кыздарын зордукташат? Бул өтө караңгычылык, билимсиздик. Алардын балдарынын баары эле жашоосун улап кетпейт. Ичип кетет же жаман жолдорго барышы мүмкүн. Аны аракеч ата ойлойбу? Балдарынын өзүндөй ичкич болуп калышынан кооптонбойбу? 

Мен мындай жашоодон улам ата-эне балдарына мээрим төгүп, жакшы сөзүн айтып, билимге үндөсө тарбиялуу балдар чыкмак деген бүтүмгө келдим. Ошол тарбиялуу балдар, мыкты балдарды өстүрмөк. Ата-эненин жашоодо ролу өтө чоң экен. Үй-бүлө курардан мурда  кыз менен бала ата-эне болууга даярмынбы? - деген суроону өздөрүнө берип алышса,  өздөрүн биринчи тарбиялап анан бала тарбиялоого өтүшсө деген ойго келдим. Атамды ата катары сыйлайм, жадакалса дагы да мойнунан кучактап эркелегим келет. Азыр атам ичпеген зыңгыраган киши. Жараткандан ыйлап суранчубуз атам ичпей калса экен деп, көп жылдар өтсө да биздин тилегибиз орундалды. Баарына шүгүр. Атам ичпей калды. Жакшы аталар жок эмес, мыкты ата болгондорго таазим.

Азыр мен жашоомду жакшыртууга болгон аракетимди жумшап жатам. Апамдын ден соолугун карайм. Бул нерселердин болгону да мен үчүн сабак болгонсуйт. Эгер сиздердин жашооңуздарда кыйынчылык болсо, сабырдуулук менен чыдаңыздар. Эч качан жаман ойго чөмүлүп, жаман жолго барууну ойлобоңуздар...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости