www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокат районунда 225 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Тескей-Кожоке айылында жаңы 225 орундуу мектеп курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Аталган мекеменин маалыматында кечээ, 18-сентябрда өткөн мектептин ачылуу аземине Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков катышкан.

Абдижалил Чынгараев атындагы орто мектебинин курулушу 2017-жылы 31-августта башталып, 225 окуучуга ылайыкташылган. Мектептин спорт залы жана ашканасы заманбап талапка ылайык салынган. Бир компьютердик классы бар. Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 51 млн сом бөлүнгөн.

Учурда бул мектепте 220 окуучуга 26 мугалим билим жана тарбия берүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости