www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күн мурун Ош ОИИБдин жана УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде козголгон кылмыш иштин алкагында Ноокат районунун аймагында 11 турак үйдө санкцияланган тинтүү иш-чараларын жүргүзүштү.

Натыйжада шек жараткан 75 даана китеп; 14 даана уюлдук телефон, 18 даана дептер, 86 даана ДВД диск, 4 даана планшет, 1 даана ноутбук, 2 даана сим карта, 14 даана паспорт, 1 даана печать, 1 даана видеокассета, 1 даана банктык карта алынды.

Аталган үй ээлери тергөө кызматына жеткирилип, суракка алынды. Ал эми алынган буюмдарга карата тийиштүү экспертизалар дайындалды. Анын жыйынтыгы менен мыйзамда белгиленген чаралар көрүлөт.

Белгилей кетсек, Ош ОИИБдин кызматкерлери УКМК кызматкерлери менен биргеликте облус аймагында диний кырдаалды көзөмөлдөө, турукташтыруу жана экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында ыкчам иш-чараларды жүргүзүп келет.

Последние новости