www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 10-февралында Панфилов РИИБдин кызматкерлери Панфилов районунун аймагында жайгашкан жалпы билим берүүчү мектептерде окуучулар менен жолугушууларды өткөрүштү. Иш-чаралар жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алуу максатында уюштурулду. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын негизги максаты - укук бузууларды, зордук-зомбулукту, мектеп рэкетчилигин жана башка терс көрүнүштөрдү алдын алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын түшүндүрүү жана окуучулардын укуктук маданиятын калыптандыруу болуп саналат.

Жолугушуулардын жүрүшүндө окуучуларга укук бузуулардын маңызы жана мыйзамда каралган жоопкерчилик тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Мындан тышкары, өз ара сый-урматка негизделген мамилелерди өнүктүрүү, сергек жашоо образын жайылтуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаралар суроо-жооп форматында жыйынтыкталып, мындай жолугушуулар жаш өспүрүмдөрдүн укуктук аң-сезимин жогорулатууга, ошондой эле мектеп чөйрөсүндө коопсуз жана жагымдуу социалдык чөйрөнү калыптандырууга багытталгандыгы белгиленди.

 

Последние новости