www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-мартта өкмөттөгү брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча маалымат берип жатып, Ноокатта коронавирус жуктурган адамдын кызы түнү менен Чүй облусуна качып кеткени жөнүндө билдирди.

“Карантинге алынган бардык жарандардын туугандары жана байланышта болгон адамдардын бардыгын текшерип жатабыз. Себеби аларда шектүү катары эсептелет. Кече Ноокатта коронавирус жуктурган адамдын кызы түнү менен Чүй облусуна качып кеткен. Ал туугандарына такси менен барган. Учурда ал кыз табылып, кимдер менен байланышканы аныкталды”, -деп билдирди Төлө Исаков

Эске сала кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 12ге  жетти. Коронавирус боюнча алгачкы 3 учур 18-мартта жарыяланган. Алар Сауд Арабиядан кичи ажылык сапардан келген Сузактын тургундар болсо, экинчи учур 20-мартта Ош облусунун Ноокат районунун жашоочуларынан аныкталды. Аларда кичи ажылык сапардан кайтып келишкен. Үчүнчү учур бүгүн, 21-мартта 6 кишиден аныталды. Жаңы катталган бейтаптардын бири Баткенде, бешөө Сузак районунда. Алар да кичи ажылык сапардан келгендер. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости