www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 44 жаштагы жаран өз жанын кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашып, окуя 15-сентябрь күнү орун алганын маалымдашты.

"Ноокен районунун Сакалды айылынын 1976-жылы туулган тургуну насостук станциянын башына чыгып, өз жанын кыюуга аракет кылган. Жерине райондук №55 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, жаранды станциянын башынан түшүрүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, кечээ Бишкек шаарында да жаш бала беш кабатту үйдүн чатырынан секирип жанын кыймакчы болгон. Баланы окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери куткарып калган.

Эл аралык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, адамдар өз жанын кыйган себеп көпчүлүк учурда белгисиз бойдон калат. Ал эми аныкталган себептердин арасында жазадан коркуу, акылынан тануу, үйдөгү чыр-чатак, акча маселелери жана оору-сыркоо сыяктуу жагдайлар көрсөтүлгөн

Булак: NazarNews.kg

Последние новости