www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 6 жашар кызды зордуктоо боюнча кармалган жарандын күнөөсү далилденди.

Жалал-Абад облустук милициясынан “Кабар” агенттигине билдиришкендей, Ноокен районунун 22 жаштагы С.Ш. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, анда 26-майда саат 14:30 чамасында тууганынын 6 жашар А.С. аттуу кызы мектептен денесинде көгөргөн жана кызарган жараттары бар абалда, ыйлап келгенин жана аны “Акжол” аттуу кошуна киши зордуктаганын айткандыгын билдирип, чара көрүүнү өтүнгөн.

Жалал-Абаддагы укук коргоо уюмунун маалыматына ылайык, мектепке чейинки даярдоо классында окуган алты жаштагы үч кызды 28 жаштагы айылдашы тосуп алып, үйүнө «тыт жегени» чакырган.

“Шектүү кыздарга куурулган картошка менен жумуртка берип, ата-энелери тууралуу сураган. Андан соң ата-энеси ажырашкан кызды башка имаратка алдап алып барып, зордуктаган”, - деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин зордуктоо беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ыкчам-тергөө аракеттеринин жүрүшүндө бул кылмышка шектелип Ноокен районунун 1994-жылы туулган П.А. аттуу тургуну кармалган.

Шектүү убактылуу кармаоочу жайга 2 айга камакка алынган.

П.А.нын жасаган кылмыштуу аракеттери толугу менен далилденип, 2022-жылдын июнь айында соттун кароосуна жиберилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости