www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө көлгө түшүп жатып дайынсыз жоголгон 4 жаштагы кызды издеп жаткан ыктыярчылар көлдөн башка эркек адамдын жансыз денесин табышты. Бул тууралуу ыктыярчылар социалдык тармактагы баракчасына жарыялашты.

Маалыматка ылайык, жансыз дене Балыкчы шаарындагы көлдөн табылган. Сөөктү милиция кызматкерлери алып кетти.

Эске салсак, 18-июлда 5 адамдан турган балалуу үй-бүлө көл жээкте эс алып жаткан кезде шамал болуп, көл бешөөнү тең баллондору менен кошо жээктен алыс тартып кеткен. Аларды кайыктагы жергиликтүү тургундар таап алышкан. Бирок 4 жаштагы кызды таппай калышкан. Ошондон бери кызды көлдүн бардык аймагынан издөө иштери жүрүүдө.

Последние новости