www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө жаш өспүрүмгө карата ыплас аракеттерди кылган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 29-июль күнү Балыкчы ШИИБине жергиликтүү тургун кайрылып, белгисиз жаран анын тогуз жаштагы кызына карата адепсиз жоруктарды жасаганын билдирген.

Арыз ээсинин айтымында, ошол күнү саат 18:30дар чамасында белгисиз жигит кызын көп кабаттуу үйлөрдүн бирине алып келип, жаш өспүрүмгө карата жыныстык катнашсыз ыплас аракеттерди жасаган. Ал эми өтүп бараткан адамдарды көрүп калганда, белгисиз тарапка качып кеткен.

Аталган факт Балыкчы ШИИБдин КБРине катталып, кылмыш-жаза кодексинин 158 (Ыплас аракеттер) беренеси менен кылмыш иш козголгон.

Балыкчы ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жаш өспүрүмгө карата кылмышка шектүү жаран аныкталып, кармалган. Ал Нарын облусунун тургуну, шаардагы эс алуу үйлөрдүн биринде келишимдик негизде иштеген 28 жаштагы Т.К. болуп чыкты.

Шаардык соттун чечими менен шектүүгө карата тергөөнүн жүрүшүндө 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости