www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ноокен райондук соту 26 жаштагы Мураттын (аты өзгөртүлдү) кылмыш иши боюнча чечим чыгарды. Ал жашы жете элек кызга үйлөнгөнү үчүн айыпталып жатканы соттун токтомунда айтылат. Токтомдогу маалыматка караганда, соттолуучу 2018-жылдын 25-мартында Ноокен районунун Аримжан айылындагы үйүнө 17 жаштагы Алинаны (аты өзгөртүлдү) алып барып, аларга мечиттин имамы нике кыйган. Мураттын айтымында, жеңеси аны үйүнө чайга чакырган. Ал учурда Алина да аталган үйдө болгон. Жеңеси сыртка мал караганы чыкканда Алина ага жабышып, өөп баштаган. Жыйынтыгында алар өз каалоолору менен түндү чогуу өткөрүшкөн. Айыпталуучу жайында Россияга кеткенде Алинанын апасы телефон чалып, кызы кош бойлуу экенин айткан. Ал эгер кызын жубайлыкка албаса милицияга билдире турганын айтып коркуткан. «Милицияга кайрылбоону өтүнүп, мекениме баргада сүйлөшө турганымды айттым. Декабрь айында Алина кыз төрөдү. Россиядан келгенде анын ата-энеси менен жолугуп, 25-мартта Алинаны үйгө алып бардым. Андан кийин имам бизге нике кыйды. Мен анын өспүрүм экенин билген эмесмин. Себеби ал 1999-жылы төрөлгөнүн айткан болчу», - деди айыпталуучу. Ал эми Алина: «2017-жылдын апрель айында үйдө эч ким жок учурда Мурат келип, мага үйлөнө турганын айтып, шымымды чечти. Экөөбүз чогуу жатып, мен кыздыгымдан айрылдым. Андан кийин Мурат бул тууралуу бирөөгө айтсаң өлтөрөм деп коркутту. Ал "кыздыкты калыбына келтирүүгө кеткен чыгымды төлөп берем же сага үйлөнөм" деди. Андан кийин дагы 2-3 жолу интимдик катнашта болдук. Декабрь айыда кыз төрөп, 25-мартта нике кыйдырдык», - деп көрсөтмө берди. Жыйынтыгында сот Муратты бир жылдык сыноо мөөнөтү менен 4 жылга шарттуу соттоду.
Булак: "turmush.kg"