www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Норвегия: Шайлоодо оппозиция жеңишке жетти

Норвегияда 8 жылдык тыныгуудан кийин солчул-орточул көз карашты карманган оппозициялык партия бийликке келди. Дүйшөмбү күнү өткөн парламенттик шайлоодо оппозициялык «Жумушчулар» партиясы жана анын өнөктөштөрү Стортингден 100 мандат алды.

Шайлоодогу жеңиштен кийин «Жумушчулар» партиясынын лидери Йонас Гар Стёре өкмөттү «Орточулдар» партиясы жана «Солчул социалисттер» партиясы менен биргеликте курай турганын жарыялады.

Норвегиянын учурдагы премьер-министри Эрна Сольберг шайлоодо жеңилгенин, анын партиясы жана тарапташтары көпчүлүктүн колдоосун жоготконун мойнуна алды.

Сольбергдин көп жыл бийликте отурганынан жана экономикалык либерализмге болгон ишеничинен улам ага «Темир Эрна» деген лакап ат коюлган. Ал премьер-министр болуп турган учурда өлкөдө нефти өндүрүмү кеңейип, салыктар азайган.

Ал эми «Жумушчулар» партиясы мурунку бийликтин каталары көп болгонун айтышып, аны кайталообого, өлкөнү таптакыр башка нукта өнүктүрүүгө убада беришүүдө.

Норвегия Королдугу — конституциялык-монархиялык башкарууга негизделген унитардык мамлекет. Өлкөнүн парламенти Стортинг (Улуу Жыйын) деп аталып, 4 жылдык мөөнөткө шайланган 169 депутаттан турат. Алар партиялык тизме менен шайланып келип, Өкмөттү куроо, анын ишин көзөмөлдөө укугуна ээ.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости