www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
15-апрель күнү, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир өрөөндөрдө жаан-чачын катуу жаап, туман түшүшү мүмкүн. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 6…11,
Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 5…10,
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 4…9, күндүз 9…14,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 7…12,
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2 градус болот.
Бишкек шаарында маал-маалы менен нөшөрлөп жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 8…10 градус болот.
Булак: NazarNews.kg