www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз кызы Элес Намазалиева көркөм муз тебүү боюнча Австриянын чемпиону болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн муз тебүү боюнча расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, чемпионат 10-12-декабрь күндөрү Линц шаарында өткөн. Элес Намазалиева Австриянын бардык шаарынан келген 22 атаандашынын ичинен суурулуп чыгып баш байгени багындырган.

“Жаш спортчу Элес көркөм муз тебүү боюнча Австриянын мектеп окуучулары арасында чемпиону болду”, – деп жазылат маалыматта.

Таланттуу Кыргыз кызы 9 жашта, көп жылдан бери ата-энеси менен Австриянын Линц шаарында жашайт. Учурда көркөм муз тебүү боюнча Автриянын курама командасынын мүчөсү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости