www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НПО же Кыргызстандын өкмөттүк  эмес уюмдары мурунку президент Алмазбек Шаршеновичтин ар бир кылган ишин кылтакка алып, анын бийликтен кетиши үчүн жакшы кызмат кылган. Бирок, өкмөттүк  эмес уюмдардын кечээ эле айтып жаткандары, бул күнү төгүнгө чыгып жаткандары көпчүлүк окурмандарды таң калтырат. Кээ бир учурда мындай ойлор туулат, эмнеге өкмөттүк  эмес уюмдар чет элден келген ар кандай акча каражаттарын акташ үчүн негиздүүбү же негизи жокпу, түрдүү иштер менен алпурушуп, биздин мекенибиз эсептелген жалгыз Кыргызстанды каралоого дайым даяр? Бир учурда Аксы окуясында 6 адамыбыздын көзү өттү, ошондо өкмөттүк  эмес уюмдардын жетекчиси алты эмес, алты жүз адамды жоготкондо бул Акаевдик бийликти алып түшмөкпүз деп абдан капа болгон экен. Көрсө аларга үй-бүлөнүн тагдыры эмес, эптеп бийликти жок кылыш гана керекпи? Алты үй-бүлөөдө канча адам жетим калды, ал эми алты жүзгө жетпесе да андан бери канча тагдырлар сынды?

"Коомдук иликтөө институтунун" жетекчиси Рита Карасартова президенттик аппарат президенттин өзүнө тиешелүү учурлар боюнча гана жооп берип, актангандай билдирүү таратуу менен чектелгенин сынга алды: "Биздин тиешебиз жок деп гана жооп беришти. Тиешеси болгонбу же жокпу - ал азыр тарых. Атамбаевдин учурунда эмне болгону мага маанилүү эмес. Ал эми бүгүн кадрлардын ким менен байланышы бар, алар кайдан келгени маанилүү. Мамлекетибиздин эртең эмне болоору мени абдан ойго салды. Бүгүн прокуратуранын 95 жылдыгында президент сүйлөй турган эң ылайыктуу жер болчу. Укуктук бааны берчү негизги орган ошолор. "Эй, силер эмнени карап жатасыңар? Бул жагдай иликтенет" деп койсо сүйүнүп калмакпыз", - деди Карасартова.

 Рита Карасартова элге белгилүү "Коомдук иликтөө институтунун" жетекчиси. Ал Атамбаев Алмазбек жетекчи кезинде бир да жолу коомдук уюмдар менен байланышпай койду деген таклип менен, аны ар күн сайын сындаганын койгон эмес.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости