www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1953-64 жылдары Сауд Арабияны башкарган падыша Сауд ибн Абдул-Азиз Аль Сауддун эң кичүү кызы Басма Бинт Сауд бин Абдулазиз Аль Сауддун каякта экени белгисиз.
Бирок, 55 жаштагы Басма Бинт Эр-Рияда үй камагында болушу мүмкүн. Аны жана анын бардык байланыш каражаттарын көзөмөл алдында кармагандыгына байланыштуу, ханбийке эч кандай маалымат бере албай келет деп Deutsche Welle басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, ханбийке 2018-жылдын 18-декабрында ден соолугу начарлаганына байланыштуу дарыланууга Швейцарияга кеткен. Басма бинттин Twitterдеги баракчасы март айынан тарта колдонулбай калган. Кийин анын үй камагында экени маалым болгон.
Буга чейин Сауд Арабиянын, Бириккен араб эмираттарынын ханышалары, өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылышкан. Мандан улам бийликтегилер Басма бинт дарыланууну шылтоо кылып, качууну көздөгөн деп анын эркиндигин чектеп коюшкан.
Басма бинт падышанын кызы катары гана эмес, коомдук актвист катары да белгилүү. Ханбийке 2010-жылдан бери Лондон жана Арабияда жашаган. Ал коомдук саясий турмушка болгон көз карашын ачык билдирип, өзгөчө аялдар жана аларга болгон басмырлоого каршы күрөшүп келген. Анын билдирген сын пикири көбүн эсе Сауд Арабиянын аткаминерлерине жана мыйзамдарына айтылат.
Булак: NazarNews.kg