www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мектеп жашына чейинки балдар китепти окуй алышпагандыктан, алар угуучулар катары гана эсептелет. Ошондуктан көркөм чыгармалар менен жаш бөбөктөрдү тааныштырууда жана үйрөтүүдө башкы роль тарбиячы менен ата-энеге таандык. Ыр, жомок, сүрөт бөбөктөрдүн түшүнүгүндө, жашоо турмушунда айлана-чөйрөсүн таанып билүү, үйрөнүү менен бир мезгилде пайда болот. Эң алгачкы учурда бөбөктөр ырлардын, сөздөрдүн угулушун, ритмин гана кабыл ала алышат. Ошондуктан бөбөктөрдүн аң-сезимине таасир этүүчү ритмге бай келген угулушу жагымдуу, таасирлүү көркөм чыгармаларды тандап угузуунун мааниси бар. Чыгармалардын мазмунун толук түшүнүү үчүн бөбөктөр улуу кишилердин кайталап айтып берүүсүнө муктаж болушат. Алар улуу кишилер менен бирге өзүлөрүнө жаккан, сезимине таасир эткен сөз саптарын туурап кайталоого аракеттенишет.

Бул болсо бөбөктөрдүн өз алдынча сүйлөө жөндөмдүүлүгүн өстүрүп, көркөм сөзгө болгон активдүүлүгүн, кызыгуусун пайда кылат, көркөм чыгармалардагы ритмдерди сезе билүүгө көмөк көрсөтөт. Бара-бара бөбөктөр чыгарманын маанисин терең түшүнө башташат. Акын, жазуучу жана сүрөткер өзүлөрүнүн чыгармаларында айланадагы турмушту, кубулушту канчалык кылдаттык, тактык менен туура, образдуу чагылдырса, ал бөбөктөргө ошончолук ачык, так түшүнүктүү келип, алардын ой жүгүртүүсүн, ар кандай таасирленүүлөрүн пайда кылат. Көркөм чыгармалардын таасири аркылуу бөбөктөрдү жаратылыштын кооздугун көрө, сезе билүүгө, аны сүйүп баалай билүүгө тарбиялоо бөбөктөрдүн эстетикалык табитин калыптандырууга өбөлгө түзөт. Бөбөктөрдү жомоктор өтө кызыктырат, жомокто элдин ар кандай доордогу турмуш-тиричилиги, айлана-чөйрөгө болгон мамилеси, күрөшү, келечек жөнүндөгү ой-максаттары, үмүт-тилектери чагылдырылат эмеспи.

Жомоктор жана ырлар менен бөбөктөрдү тааныштыруу иши жөнөкөйдөн татаалга карай дидактикалык принциптин негизинде жүзөгө ашырылууга тийиш. Башкача айтканда, элдик оозеки жана акын-жазуучулардын чыгармалары бешик ырларынан, жөнөкөй ыр саптарынан, көңүл ачуу оюндарынан жана көңүл коюучулукту талап кылуучу жомокторду, аңгемелерди үйрөтүүдөн турат. Кенже курактагы балдарга сунуш кылынган бешик ырларында этикалык, адептүүлүк тарбиянын элементтери бар экендигин белгилөөгө болот. Элдик оозеки чыгармалар элдин кылымдан кылымга сакталып келген акылмандуулугун, үрп-адатын, образдуу көрктүү тилин чагылдырат. Ошондуктан көркөм чыгармалар аркылуу бөбөктөрдү ар улуттун маданияты, үрп-адаты, образдуу көркөм тили менен тааныштыруу керек.

Оозеки адабиятта балдарды адамгерчиликтүү сапаттарга, патриоттук сезимге үндөгөн жаш муунга таалим-тарбия берүүчү элдик чыгармалар ар кыл темадагы жомоктор («Асан жана Үсөн», «Акылдуу бала», «Элчи бала», «Күч бирдикте» жана башка), бешик ырлары, оюн ырлары, санат, насыят чыгармалар, табышмактар, жаңылмачтар көп жаралган. Кыргыз балдар адабиятынын түзүлүшүндө жана өнүгүшүндө ырчылар поэзиясынын классиктеринин (Токтогул Сатылганов, Тоголок Молдо, Барпы Алыкулов) балдарга арналган чыгармаларынын мааниси чоң.

Басма бетинде биринчи К. Баялиновдун «Чабалекей менен жылан», «Түлкү менен суур» (1927), «Жетилген жетим» (1928), «Мурат» (1929) аңгемелери жарыяланган. 20-30-жылдары А. Токомбаевдин «Жетим» (1927), «Эшим жетим» (1928) поэмалары, С. Сасыкбаевдин «Кичинекей жумушчу» (1932), «Чабандын баласы жана көк музоо» (1935), К. Маликовдун «Сарала козу», «Бактылуу кыз» (1936), «Сулайманов Керимбек» (1937),К.Жантөшевдин «Мендирман» (1938), Ж. Бөкөнбаевдин «Балдар үчүн ырлар» (1939), Т. Үмөталиевдин «Күч бирдикте» (1939), Н. Байтемировдун «Жомоктор» (1939), К. Эсенкожоевдин «Шарше», «Саякатчы бала» (1937), «Родинанын уулу», «Үчүнчү шар», «Канаттуулардын сыры» (1939) жана башка чыгармалар жаралган. Көркөм чыгарма бөбөктөрдү жоопкерчиликке, өз милдетин сезе билүүгө да тарбиялайт. Башкача айтканда, өзүнөн кичинекейлерге кам көрүүгө, ата-энелерин, улуу кишилерди, теңтуштарын урматтоого, сылык мамиле жасоого тарбиялайт.

Албетте, бөбөктөрдү мындай сапаттарга тарбиялоо жана аны калыптандыруу оңой-олтоң иш эмес, ал тарбиячылардан, ата-энелерден системалуу тарбия ишин, узак убакытты, чыдамдуулукту талап кылат. Көркөм чыгармалар аркылуу баланы эмгекчилдикке, келечекке умтулууга, алдыга максаттарды кое билүүгө үйрөтүүгө болот.

Булак: "Dе-факто"

 

 

Последние новости