www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нукура акындын нускасы

Сексенинчи жылдардын экинчи жарымында адабиятка келген муундун өкүлдөрү чыгармачылыктын шарапаты менен жакшы эле урмат-сыйга ээ болушуп, “эл акыны”, “эмгек сиңирген ишмер” наамдарын алышты, сыйлыктардын лауреаттары болушту, орденмедалдарды тагынышты, иши кылып чыгармачылыкта кылган ишаракеттеринин акыбети кайтып, өкмөт тарабынан аздыр-көптүр бааланды.

О.Ибраимовдун “История киргизской литературы ХХ века” (2014) деген эмгегинде Ф.Абдалова, А.Акбаров А.Акималиев, К.Култегин, К.Урманбетов сыяктуу бул муундун айрым өкүлдөрү тууралуу да учкай сөз болду.

Ошентип, алды адабият тарыхына да кирди. Келечекте алардын чыгармачылыгы тууралуу портреттер, монографиялар жазылып, ар кимиси жөнүндө өз-өзүнчө сөз болоор...

Коммунисттик системанын титулдарга, наам, сыйлыктарга байланган, мурдатан калыптанып калган ушул стандарт критерийлерге таянган эмпирикалык деңгээлдеги теңдемечиликтин негизинде наамы бар акын-жазуучулардын баары “залкар” (А.Садыков “Кыргыз залкарлары” 2013) да болду.

Адабият илиминдеги профессионалдык дилетантизмдин ушул сыяктуу примитивдүү чен-өлчөмдөрү менен баалаганда сөзгө алынбай турган акындар да бар, себеби, алардын наам, сыйлык, орденмедалдары жок, айрымдарынын китеби да чыккан эмес.

Кыргыз адабият илимине жабышкан “илдет” – жасалма теория калыптанып калган: китеби чыкпаган авторлорду иликтөөгө албайт, адабият тарыхына киргизбейт. Өмүрүн наам, сыйлык алууга арнаган жасалма “классиктердин” эч кандай коомдук-тарыхый, адабий мааниге ээ болбогон чыгармалары макулатура болсо да “мынча китеби бар” деп алардын чыгармачылык портреттери жазылат, мисалы, 1990-жылы жарык көргөн “Кыргыз совет адабиятынын тарыхына” (2-том) “эл акыны” деген наамы бар ортозаар акындар А.Токтомушев, Н.Байтемиров, М.Жангазиев, М.Абылкасымова, Т.Адышевалардын портреттери кирген, ошол эле учурда заманбап кыргыз поэзиясынын феноменин жараткан таланттуу акындар О.Султанов, Ж.Мамытов, Т.Кожомбердиев, С.Тургунбаев, С.Жигитов, Т.Муканов, С.Акматбековаларга орун берилген эмес.

Андан кийин чыккан К.Артыкбаевдин “ХХ кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхында” (2004) да ушул эле консервативдик көрүнүш кайталанган. Партиялык адабияттын заманы өткөндөн кийин орус адабиятынын тарыхы кайра каралып, мамлекеттик наам, сыйлыгы жок М.Цветаева, А.Ахматова, Н.Заболоцкий, Б.Пастернак сыяктуу нагыз акындарга өзгөчө орун берилип, алардын феномени ичкериден терең ачылып көрсөтүлгөн.

Негизинен наам, даражаларга карап, теңдемечилик принциби менен түзүлүп, адабияттын өнүгүүсүндөгү карамакаршылыктуу жагдайларды жашырып, бурмалап келген кыргыз адабиятынын тарыхы нагыз эстетикалык критерийлер менен калыбына келтирилип, союз кезиндеги Жазуучулар уюмунун дежур тизмесинин аркасы менен жасалма атакты жамынып келген ортозаар акын-жазуучулар иргелип, көптүн арасына обзордук бөлүмгө киргизилип, өзүнүн көркөм дүйнөсү, поэтикалык ачылгалары бар акын-жазуучулардын көркөм дөөлөттөрү терең изилденип, поэзиядагы жаңы көрүнүштөр, адабий турмуштун оң-терс жактары, ийгилик-кемчиликтери менен объективдүү иликтенип, илимий талдоого алынып, теориялык жактан жалпыланып, портреттик бөлүмдөр түп-тамырынан бери кайра жазылып, ушундай кайра баалоо процесси адилет жүргүзүлүш керек болчу.

Бул биздин адабиятчылардын мойнунда дагы эле карыз бойдон турат. Ооба, илимдин негизги максаты – нукура эстетикалык баалоо критерийлери менен адабият тарыхын кайра электен өткөрүп, кайра баалап, догматизмден, саясый-идеологиялык штамптардан арылуу, ошол мурда каралбаган, сөз болбогон, көркөм наркка эгедер, жарыяланбаган материалдарды таап, илимдин “тегирменине” салып, иликтеп, баа берип, коомчулукка алып чыгып, адабият тарыхына кошуп, аны толуктоо керек экенин түшүнбөгөн, белгисиз авторлордун чыгармачылыгын илимий изилдөөнүн предмети кылып алгандан жаа бою качып, субъективдүү мамиле жасап, “наамы жок, китеби жок” деп азармандан безерман болуп, демагогиялык принциптерди карманып, илимге кыянатчылык кылып жатканын аңдабаган тарых илиминен, адабият теориясынан кабары жок дилетант, айдама адабиятчылар четтен чыгат.

Ушундай кокуй кандидат, докторлорго күйгөнүнөн В.Кожинов “Литературовед не должен пренебрегать никаким материалам, в том числе даже и неопубликованным, рукописным. (В.Кожинов “Зачем изучать литературное произведение?” // “Контекст-1973”, М., 1974, стр.179) деп аларды көзгө сайып, ачык көрсөтмө берген.

Наам, сыйлык, орден-медалдар акыркы отуз жылда коррупциялашкан бийлик тарабынан негизинен ортозаар акынжазуучуларга берилип келгенин эске алсак, эгер жалаң ошол эски стандарт баа берүү критерийлери, эски стереотиптүү ой жүгүртүү менен адабият тарыхы жазыла турган болсо, жаңы доордогу кыргыз адабиятынын соңку тарыхы – көркөмдүк баалуулугу жок ортозаар адабияттын халтура тарыхы болуп калары бышык.

Ал эми нукура эстетикалык ачылгаларды жасаган таланттуу авторлор поэзиядагы жалган менен чынды ажырата албаган, адабияттагы жаңылыкты көрө билбеген илимдеги түркөйлүктүн, көшөкөр сындын кесепетинен көптүн арасында көмүскөдө калып келатат.

Азыркы адабият таануу жана сын коммунисттик адабият илиминин ушундай стандарт критерийлеринен, догматизмден, адабияттын азыркы учурдагы өнүгүү мыйзамченемдерин, көркөм процесстеги жаңы кубулуштарды, карама-каршылыктарды, адабий тектердин, жанрлардын дыңы бузулбай жаткан жаңы мезгилдеги көйгөйлөрүн изилдей турган тарых: илимий-теориялык жоболордун, методологиялык жана методикалык принциптердин, эстетикалык критерийлердин негизинде жазылышы – мезгил талабы.

Нагыз илимий талаптарга жооп берген жогорку деңгээлдеги заманбап адабият тарыхы ушундай болушу зарыл. Анткени, акыркы жыйырма жылда адабият багытында жарык көргөн изилдөө сыпатындагы монографиялар, окуу китептери, окуу куралдары негизинен эмпирикалык сыпаттама деңгээлден өйдө көтөрүлө албай, саны бар сапаты жок, илим сымак эмгектер жаандан кийинки козу карындай көбөйүп кеткенин эске алсак, илимди түшүнгөн адамга кыргыз адабият таануусунун тагдыры үчүн өтө кооптуу абал түзүлгөнүнөн кабар берип турат.

Илимдин кутун кетирип, кунун качырган ушундай жагдай тууралуу Д.С.Лихачев “Наукообразность способна вытеснить науку или резко снизить академический уровень науки”. (Д.С.Лихачев“Об общественной ответственности литературоведения” \\“Контекст-1973”, М., 1974, стр.10) деп колунда “илим кандидаты”, “илим доктору” деген дипломдору бар дилетант окумуштуулардын көбөйүп, изилдөөлөрдүн эмпирикалык деңгээлге түшүп кеткенине тынчсызданып, илимдин келечек тагдырын ойлогон нагыз академик катары күйүп-бышып айткан экен.

Кыргыз адабият илиминдеги ушундай консервативизмдин, стандарт баа берүү критерийлеринин, азыркы учурдагы көркөм процесске, адабият тарыхына болгон кайдыгер мамиленин кесепетинен акын Жолдошбек Зарлыкбековдун поэзиясын изилдөө иштери жүргүзүлбөй, алтургай ырымга сөзгө алынбай келатат. Акын Жолдошбек Зарлыкбеков көзү тирүүсүндө китеп чыгара албай кетти. Анда архиви да болсо керек...

Бирок анын ырларынын көбү күндөлүк басма сөз бетинде жарык көргөн. Артында калган ушул ырлары акындын чыгармачылыгы тууралуу сөз кылууга толук негиз берет. Кезинде “Кыргызстан маданияты” гезити “Жаштар поэзиясы”, “Жаш талапкерлердин чыгармалары” деген рубрикалардын алдында жаш калемгерлердин ырларына кеңири орун берчү. Сөздүн кунун билген аксакал жазуучубуз Кеңеш Жусупов башкы редактор болуп турганда “Ала-Тоо” журналынын 1990-жылдагы №9 санына, андан кийин 2019- жылдагы №4 санына Ж.Зарлыкбековдун ырлар топтому жарыяланган.

Сексенинчи жылдары Кожогелди Култегин, Чыныбай Турсунбеков, Жедигер Саалаев, Кыялбек Урманбетов, Атантай Акбаровдордун сыясы кургай элек ырларын гезиттерден тез-тез токуп турчубуз. Көп өтпөй алар китеп артынан китеп чыгарышып, адабиятка чапчаң аралашып, дүңгүрөтүп поэзия кечелерин өткөрүшүп, атактуу акындардан болуп чыга келишти. Жолдошбек Зарлыкбековдун чыгармачылык жолу жогорудагы калемдештеринен кескин айырмаланат, анын адабиятка көз карашы, акындык табияты да башкача болуп чыкты: ал андай шаан-шөкөттөргө, эстрадалык атакка такыр эле кызыкпады, андайга жөндөмү да жок экен.

Ал ырларын сараңдык менен анда-санда бир жарыялап койгону болбосо, чыгармачылыгына аяр карап, өтө аздектеп, кызганчаактык менен мамиле кылып, өзүнө өзү ыраазы болбой көжөлүп иштеп, изденип, узана бере турган.

Китеп чыгарбаганына балким ошол сапаты да себеп болгондур. Ушундан улам адабиятчы Камил Султановдун Расул Гамзатов менен болгон маеги эске түшөт. Адабиятчы Р.Гамзатовдон чыгармачылыгынын башталышында эмне үчүн китеп чыгарбай жүргөнүн сураганда акын “писать и печатать – это разные вещи. Писать надо много, а печатать мало, или вовсе не печатать до поры до времени” (К.Султанов “Расул Гамзатов” Махачкала, 1975, стр.21) деп жооп берген экен.

Анын сыңарындай, акын Жолдошбек Зарлыкбеков да изденүүнү, нукура поэзия жаратууну негизги озуйпасы катары көрүп, ырларын жарыялоого анча маани бербей, зарыл деп эсептебесе да керек. Мисалы, жаштардын “Учкун” альманахы 1972-жылдан 1993-жылга чейин 20 жолу чыгып, ага сегиз жүзгө жакын адабият талапкерлеринин ырлары басылса, 1978-1984-жылдары азыркы белгилүү акындар Кожогелди Култегин 6 жолу, Кыялбек Урманбетов 5 жолу, Жедигер Саалаев 4 жолу ырларын жарыялашкан.

Ошол мезгилдеги чымыны бар жаш калемдердин бардыгынын М.Шаханов айткандай, “анау турган бидайды, /Комбайн менен жинайды” деген сыяктуу үйрөнчүк ырлары жарык көргөн ушул альманахка Ж.Зарлыкбековдун бир да ыры чыккан эмес.

Ал калеми төшөлө элек жаш акындар жарышып чыгып жүргөн “Учкунга” ырларын жарыялоону да туура көргөн эмес окшойт. В.Брюсов “Жазуучунун чыгармачылыгынын маанисин жарык көрбөй калган кол жазмалары аныктайт. Ортозаарлар жазып да, жазганын чыгарып да үлгүрүшөт.

Көп ойлонуп, көп изденип, сонундарды жазып, басып чыгарууга үлгүрбөй калгандар – чыныгы таланттар” деп таамай айткандай, Ж.Зарлыкбеков кызылдай мээнет кылып, ар дайым тыным албаган руханий изденүүнүн үстүндө болуп, китеп чыгарууга ашыккан эмес.

Барып-келип бул анын нукура искусство жаратууну көздөгөн бийик максатынан, бекем тутунган туруктуу чыгармачылык кредосунан болду го деп ойлойм. Айрым маалыматтарга караганда, кийин эле Ж.Зарлыкбеков “Турар” басмасынын ээси Тилек Мураталиев менен китебин чыгаруу боюнча макулдашып, китебин түзүп, бирок “дагы оңдойм” деп кармап жата берип, анан дартка чалдыгып, акка моюн сунуп кете бериптир. Андан кийин Тилек Мураталиев да дүйнө салды. Ошо менен китеп чыкпай калыптыр.

Балким, нукура поэзиянын кунун билген меценат азаматтар Ж.Зарлыкбековдун сары майдай сакталган адабий мурасынын багын ачып, кыргыз поэзиясын байытып, элибиздин маданий казынасын толтурат деген ойдобуз.

Мындай көрүнүштөр адабият тарыхында көп эле кездешет, мисалы, грузин поэзиясынын классиги Николаз Бараташвилинин ырлары да эскирген сары кагаздарда калган, анын бир да ыры көзү тирүүсүндө басма бетине чыккан эмес.

Мезгил өткөндөн кийин барып ал ырлар дүйнөгө тарап, даңаза болуп, классикага айланган. Орус поэзиясында философиялык лириканын ири өкүлү Ф.Тютчевдин чыгармачылыгы өспүрүм кезинде эле башталган, ал 40 жыл бою журналдарга ырларын жарыялап келген.

Башкаларга окшоп китеп чыгарып, анын аркасы менен атак-аброй алуу, сый-урмат көрүү оюна да келбептир, ырларынын күйөрмандарынын демилгеси менен биринчи китеби элүү бир жашында араң жарык көргөн.

Орус коомчулугу “китеби жок” деп аны өгөйлөбөй, тескерисинче, таланттуу акын катары ага сыйурмат көрсөтүп, Ф.Тютчевдин ырларына И.Тургенев, Н.Некрасовдор жогору баа берген, ал Л.Толстойдун сүйүктүү акыны болгон, ал эми Ф.Достоевский аны “орустун биринчи акын-философу” деп баалаган (бул тууралуу караңыз:Лев Озеров “Поэзия Тютчева” М., 1975, стр.18). Демек, поэзия акындын атак-даңкы, наам, сыйлыгы, же томтом китептери менен бааланбайт.

Анткени баары өтөт-кетет, келечек муунга “Кудайга миң мертебе калп айтса да, ырына бир мертебе калп айта албаган” (Алыкул) чыныгы чыгармачыл тагдыр күткөн акындын нукура поэзиясы гана калат.

Булак: Азия News гезити

Последние новости