www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда кызмат талашуу тээ илгертеден эле күч алып, кыйындарын кагып, орго салып келген. Так ушундай мамлекеттик көйгөйлүү маселе боюнча NazarNews маалымат агенттигине Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Чалма айыл өкмөтүнүн айыл аксакалдары кайрылып, бийликке койгон талаптарын айтты.

--"Бийлик менен элдин ортосунда ажырым болуп калган. Кызматка каалаган адамдарын коюп, кааласа алып салышат. Элдин пикирин, үнүн уккан эч ким жок. Мисалы, Садыр Жапаров өкмөттү өзү дайындады. Биз өкмөттүн бир дагы өкүлүн же болбосо бир депутаттын айылыбызга келгенин көргөн жокпуз", - деп айыл аксакалдары нааразы.

Кызматтан алынган айыл өкмөтү абдан жакшы иштерди жасап келгенин айыл аксакалдары баса белгилеп өтүштү.

--"Буга чейин биздин айылды 5-6 киши башкарды. Алардын бирөөсү да суу маселесин чечкенге аракет кылган жок. Ал эми кызматтан алынган айыл өкмөтү Чолпонкул Алишов жол, көпүрө, бала бакча жана спорттук аянтча куруп берип, абдан жакшы иштеп жаткан. Жакында суу маселесин чечүүнүн алдында турган. Анан эле кызматтан алынды деп уктук. Эмнеге жогору жактагылар биз менен, эл менен эсептешпейт", - деп нааразы болушту айыл тургундары. 

Белгилей кетсек, Кара-Кулжа районунун Чалма айыл өкмөтүнүн башчысы Чолпонкул Алишов 2022-жылы 10-майда мыйзамсыз кызматтан алынган.

Чалма айыл өкмөтүнүн айыл аксакалдарынын кайрылуусу тууралуу толук маалымат кийинчерээк берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости